Аптаптуу ысыктан улам иш күнү кыскартылабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан кыздар. Архив
Көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-июлда күндүн табы 40 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Алдыдагы беш күн катары менен ысык 40 градустан жогору болгон учурда иш күнүн кыскартуу каралган. Кыскартылчу убактысы боюнча чечим өзүнчө кабыл алынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы
Ал ошондой эле КР Эмгек кодекси боюнча ар бир иш берүүчү жумушчулардын эмгектенүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү керектигин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин берген божомолуна ылайык, бүгүн, 10-июлда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында күн 40 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ысык-Көлдө 32 градус, Нарында 36 градуска чейин көтөрүлөт. Жума аягына чейин берилген маалыматта күндүн табы Кыргызстандын бир дагы облусунда 40 градуска чейин жетпейт.

9-июлда Бишкекте ачык жердеги абанын температурасы 60 градуска дейре жеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0