Мирбек Атабеков "Мурас" ыры, пара бергени, Instagram баракчаcындагы жубайы тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗвезда отечественной эстрады Мирбек Атабеков
Звезда отечественной эстрады Мирбек Атабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирбек Атабеков деген ысым узун элдин учу менен калың элдин кыйырына жетти деп айтсам ашыкча болбос. Себеби он жылдан ашык убакыттан бери кыргыз эстрадасында ордун жоготпой келет. Ооба, мага чейин деле нечендеген журналисттер маек алган. Бирок Атабеков баарлашуунун соңунда "сизге ачык жооп бердим" деди.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Мирбек Атабеков менен маек куруп, белгилүү болуп жаткан "Мурас" ырынын тарыхы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштү.

— Акыркы учурда биздин аралаш мушташ (ММА) боюнча беттеш өткөргөн спортчулар сегиз бурчтукка "Мурас" аттуу ырыңыздын коштоосу менен чыгууда. Бул ыргак КРдеги беделдүү делген WEF, JFC лигасынан тарта Россиянын M-1 Global уюмуна чейин жаңырды. Дегеле ыр спорт чөйрөсүндө жакшы орун тапты. Бул сиз үчүн сыймык болсо керек?

— Азыр сизден угуп кубанып жатам. Эми сөзсүз түрдө спортчулардын беттешкен видеосун таап көрмөй болдум. Негизи аралаш мушташты сүйүүчүлөрдүн катарында эмесмин. Футболго көбүрөөк кызыгам. "Мурас" ырым адамдарды ынтымакка, биримдикке, намыскөйлүккө чакыруу максатында жазылган. Тилегим орундалганына сүйүнүп турам.

— Ырдын сөзү, обону, клиби, дегеле жазылуу таржымалына токтоло кетсеңиз?

— Эл эски ырды жаңылап койду деп ойлошу мүмкүн. Баштан аяк өзүбүз даярдадык. Обонун мен чыгарсам, сөзүн акын Акбар Кубанычбеков жазып берди. Аранжировкасы заманбап стилде жасалды, анда гитаранын үнү бар. Клибин тарыхый кино сыяктуу тарталы дегенбиз, бирок каражат көп кетерин түшүнүп, анимациялык стилде жасадык. "Мурасты" радиого бергенибизде анча популярдуу болгон эмес, клиби көтөрүп кетти деп ойлойм.

— Кечиресиз, Казакстандын жалаң кыздардан турган "Нури" тобунун "Мактан етем елимди" аттуу ыры менен "Мурас" абдан окшош экен. Алар эки жыл мурда жүктөптүр. Клиптеги комментарийлерде көрүүчүлөрдүн бири казактар уурдады десе, бири кыргыздар көчүрүп алды дейт. Ошондо кандай болуп калды?..

— Алар эки жыл мурда ырды менден ири суммага сатып алышкан. Анда мен өзүм ырдап чыга элек болчумун. 2016-жылкы Көчмөндөр оюнунда аткарганга жетишпей калгам. Сатып алган тарап бир гана Казакстандын аймагында ырдаганга жана автору катары мени белгилеп жүрүүгө убада беришкен. Аранжировкасы, обону биздики, сөзүн казактар өздөрү жазып алган. Бирок мен "Мурасты" даярдап жатканда аранжировкага өзгөртүү киргизгем. Биз жазган ырдын сөзү да башка.

— Түшүнүктүү. "Мурас" жалпы жонунан канча каражатка даярдалды?

— Чыгармачылыктагы чыгымдар тууралуу кеп кылбай келем. Бирок "Мурас" элдин сүймөнчүлүгүнө айлангандан кийин айтып коюшум керек. 5 миң доллардай сарптадым. Кыргызстандын шартында бул чоң эле сумма.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Мирбек Атабеков: "Мурас" ырым адамдарды ынтымакка, биримдикке, намыскөйлүккө чакыруу максатында жазылган. Тилегим орундалганына сүйүнүп турам
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Мирбек Атабеков: "Мурас" ырым адамдарды ынтымакка, биримдикке, намыскөйлүккө чакыруу максатында жазылган. Тилегим орундалганына сүйүнүп турам

— Ырчылар үчүн той-мааракелер киреше булагы экендиги жашыруун эмес. Патриоттук темадагы "Мурас" андай жерлерге өтпөсө керек?

— Негизги каржы булагым той эмес. Акчаны концерттен, иш-чаралардан табам. Азыр автордук укук күчүнө кирип келе жатат. Ошол эле YouTube каналындагы видеодон, караокеде, дисктен коюлган ырлардан каражат тапса болот. Бир гана укугуңду коргоп, чыгармаларыңды башкалар колдонуп кетишине жол бербешиң керек.

— Сизди тойлордо 600-800 долларга ырдайт деп угам. Бул аз эмеспи? Анткени айрым ырчылар миң доллардан өйдө кызмат кылат экен.

Отечественный исполнитель Алмаз Шаадаев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Алмаз Шаадаев: Чубак ажы үчүн өлтүрүп кетем деп коркуткандар болду
— Сиз айткан суммадан деле азыраак ырдасам керек. Жакында унаа токтотуучу жайда иштеген киши баласынын тоюнда ырдап беришимди суранды. "Канчага келесиң" дегенден, "сиз айтыңыз" деп жооп бердим. Ал мени карап "силер бери жагы 7 миң сомго келсеңер керек" деп көп көрүп атпайбы. Угуп алып зээним кейиди. Тоюнда бекер эле ырдап берейин деп ойлогом, бирок каршы болгонума карабай ыраазычылык иретинде 15 миң сом карматты. Бул бир гана мисал. Кээ бир аттуу-баштуу адамдар ортого киши салып, тааныштардан айттырып атып төмөн баада чакырганганда таң калам. Көп учурда карапайым адамдар кең пейил келет.

— 2005-жылдан бери кыргыз эстрадасында ордуңузду жоготпой келесиз. Канткенде сахна адамы ар дайым элдин сүймөнчүлүгүндө болот?

— Жөнөкөй, чынчыл болушуң керек. Тагыраагы, адамдык мамилең менен талантың ширелишип турса эң сонун. Актердук чеберчилик сөзсүз керек. Биз ыр менен окуяны түшүндүрүп беребиз. Анан кайсы бир деңгээлде юмор жана шоу көрсөтө билүү керек.

— Мындан беш жыл мурда "Суранам" аттуу ырыңызды казак ырчысы Кайрат Нуртас уруксатсыз ырдаганда ортодо түшүнбөстүктөр болуптур. Былтыр болсо "Сагынам" аттуу ырыңызды кытайлык ырчы уруксатсыз ырдаганда, сиз анын аткаруу чеберчилигине баа берип, Кыргызстанга конокко чакырам депсиз. Эмне үчүн ырларыңыз талашка түшүүдө, кандай өзгөчөлүгүңүз бар? Ар бир улуттун өкүлүнө жаккандай чыгарма жаратуу үчүн эмне кылуу керек?

— Мага чейин деле кыргыздын белгилүү ырчыларынын чыгармасын ырдап келишкен. Эгерде автордук келишимди сактоо менен иштешкен адамдар болсо ырымды берүүгө каршы эмесмин. Ырларымды ар бир улуттун каалоосуна карап жазбайм. Адамдарда тандоо деген бар. Балким мен көпчүлүк жактырып тандаган эмгектерди даярдасам керек.

— Ошол эле Кайрат Нуртас 2015-жылы "Нур-Отан" партиясы менен депутаттыка баруу ниетин билдирген. Сизде да саясий амбициялар барбы?

— Кийин Кайратка жолукканымда жөн гана тамаша жана жарнама үчүн болгон аракети экендигин айткан. Мен чыгармачыл адаммын, жолумду саясатка алмаштыруу оюмда жок. Ишкер болгум келет.

— Түшүнүктүү. Ырчылар сүйүктүүсүнө баш кошкондон кийин күйөрмандарынын санын бир топ эле жукартып алат дешет. Үй-бүлөлүк жашоо сиздин карьераңызды канчалык өзгөрттү?

— Өзүмдү келишимдүүмүн деп эсептейм, бирок эстен тандырган жигиттердин катарында эмесмин. Ошондой болсо да азыркыга чейин күйөрмандык кылган кыздар бар. Мен аларды сыйлайм. Социалдык тармактардан азгырган, чектен ашкан сөздөрдү жазган бийкечтер болот. Instagram баракчамдын сыр сөзүн жубайым билет. СМС билдирүүлөрдү окуганда теригип жүрчү, азыр көнүп калды. Эгер сурооңузга тагыраак жооп берсем, күйөрмандарымдын саны азайды деп ойлобойм.

© Фото / предоставлено Мээрим ТолопбергенМирбек Атабеков: Instagram баракчамдын сыр сөзүн жубайым билет. СМС билдирүүлөрдү окуганда теригип жүрчү, азыр көнүп калды
Мирбек Атабеков стал отцом - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков: Instagram баракчамдын сыр сөзүн жубайым билет. СМС билдирүүлөрдү окуганда теригип жүрчү, азыр көнүп калды

— Атаңыз сиз эки жашка чыгып калганда каза болгон экен. Минтип эки уулдун атасы болдуңуз. Эркек катары балдарга тарбия берүүдө кыйынчылыктар болгон жокпу?

— Баары алдыда. Айылга барганда атам тууралуу эл жакшы пикирде. Азыркы заманда балага сүйүү, мээрим, жылуулук сезимдериңди арноо менен жакшы тарбия бергенге болот деп эсептейм.

— Жакында эле кыздуу болдуңуз. Эмне себептен Ыйман деген ысымды ыйгардыңыздар?

— Келинчегим Ыймана коелу деди. Мен кыргызча эле Ыйман коюшубузду өтүндүм.

— Instagram тармагына төрт жыл мурда катталып, жүзгө чукул гана сүрөт, видео жүктөпсүз. Таң калычтуусу — жарым миллиондон ашык катталуучуңуз бар экен. Демек, пиар үчүн байма-бай сүрөт жүктөөнүн деле кажети жок окшойт?

— Жок, сүрөт жүктөп туруш керек. Мен уялчаак, тартынчаак, бир аз өзүмө ишенбеген адаммын. Ошол себептен сүрөткө түшкөндөн да жазганам. Эл кандай кабыл алат деген күмөн ой бар. Киргизсем да бир жумада бир тандап атып жүктөйм. Ырчылардын социалдык тармактагы сандары макамын аныктап турбаса керек. Мен үчүн жүрөктөгү кылым элге жетсе болду.

— Жеке оюмда, адам коомдо белгилүү болсо кайсы бир деңгээлде элге тарбия берип, жакшы жакка үгүттөш керек деп ойлойм. Сиз эмнеңиз менен адамдарга таасир бере алдыңыз?

— Маселен, мен жашыраак кезде түнкү клубга барган, спирт ичимдиктерин таткан, сөгүнгөн, ашыкча көңүл ачкан учурлар болгон. Бирок биз терс сапаттарыбызды эч убакта сахнага алып чыккан эмеспиз. Маектерде да айткан эмеспиз. Азыр чет өлкөлүк ырчылар бузуку адаттарын жарнамага айлантып жаткан учур арбын. Ушул нерсе зээнимди кейитет. Бир күнү Кыргызстсанга да сырттын жүрүм-туруму жайылып кетеби деген маселе кооптондурат. Бирок биздин менталитет жол бербейт деп ишенем. Колдон келсе бардыгын ыйманга, тарбияга, билимге умтулууга үгүттөгүм келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабеков: өзүмдү келишимдүүмүн деп эсептейм, бирок эстен тандырган жигиттердин катарында эмесмин. Ошондой болсо да азыркыга чейин күйөрмандык кылган кыздар бар
Звезда отечественной эстрады Мирбек Атабеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабеков: өзүмдү келишимдүүмүн деп эсептейм, бирок эстен тандырган жигиттердин катарында эмесмин. Ошондой болсо да азыркыга чейин күйөрмандык кылган кыздар бар

— Кыргызстанда сизди дээрлик тааныбаган адам болбосо керек. Атыңызды колдонгон учур болду беле?

— Кээде колдоном. Жол эрежесин бузганда пара берем. Убакыттан тардыгына байланыштуу акчаны тиешелүү жакка төлөгөнгө жетишпей калам. Ошонун баары жалкоолук да. Буюрса, оңолом. Бир ирет аэропорттон кызматкер мени таанып "байке, өтө бериңиз" деди. Элди карасам жактырбагандай туюлду, "рахмат, кезегим келгенде өтөм" десем, кызматкерлер мен каадаланып жаткандай кабыл алышты. Ар бир кишинин көз карашы ар кандай экен да.

— Менин таанышым кичинекей кызы менен кафеде отурса эстрада жаатында таанымал ырчы жигиттердин бири кирип келет. Анан кыз кумири менен сүрөткө түшөйүн деп барганда анча көңүл бурбай коюптур. Аларга ошондой сезилдиби же чын эле ырчы теңине албай койдубу, билбейм. Сизде деле ушундай окуялар болсо керек?

— Адам он ката кетирсе да оңолот деп ойлойм. Кээде ойдо жок жерден түшүнбөстүктөр болот. Бир учур эсиме түштү. Кичинекей кезимде актер Мурат Мамбеталиевди "Кампос" деп атачубуз. Юморлоруна таасирленип кумир тутчумун. Бир жолу аны көрүп калып "Оо, Кампос байке кандайсыз, бул чын эле сизди" десем, "ай, тур, тур ары" деп койгон. Аябай жаман болгом. Азыр биз деле кичинекей баланы "ары тур, бери тур" дей беребиз да.

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Атабеков: жеке концертимди күзүндө берем. Бул концерттен кийин чыгармачылыгымда чоң бурулуш болот. Башкача айтканда, өзүмө караганда продюсерлик борборума көбүрөөк басым жасайм.
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков: жеке концертимди күзүндө берем. Бул концерттен кийин чыгармачылыгымда чоң бурулуш болот. Башкача айтканда, өзүмө караганда продюсерлик борборума көбүрөөк басым жасайм.

— Эки жыл мурда Бейонсе менен дуэт ырдаганды каалайм деп айтыпсыз. Ал күчүндөбү?

— Бейонсе ырдоо жагынан мыкты. Албетте, чогуу ырдаганды каалайм. Бирок акыркы учурда анын үгүттөгөн иштери, жүрүм-туруму жакпай жүрөт.

— Быйылкы жылдын эсебинен жеке концертиңиз качан болот?

— Күзүндө. Даярдыктар менен пиар иштери жакында башталат. Билеттерди интернет аркылуу буйрутма менен алууга болот. Аталышын "Мурас" кылабыз го. Бул концерттен кийин чыгармачылыгымда чоң бурулуш болот. Башкача айтканда, өзүмө караганда продюсерлик борборума көбүрөөк басым жасайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0