00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жоголгон 38 млн., каза болгон директор. Ак-Талаадагы көпүрө эмнеге бүтпөй калган?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНарын облусунун Ак-Талаа районунда төрт айыл өкмөттүн элин ара жолдо калтырган көпүрө
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрт айыл өкмөттүн элин ара жолдо калтырган көпүрө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрөнү курам деп тендерден уткан компания акчасын башка фирмага алдатып жиберет. Мунун айынан курулуш иштери бир жылдан бери бүтпөй, акыры 12 миңдей калк суунун аркы бетинде райондун борбору менен байланыша албай отуруп калды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрт айыл өкмөттүн элин ара жолдо калтырган көпүрөнүн курулушу "дайынсыз жоголгон" 38 миллион сомдун айынан бүтпөй калган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун акиминин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКөпүрө көйгөйүн жергиликтүү элдин баласынан чоңуна дейре тартып жатат
Аварийный мост в Ак-Талинском районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Көпүрө көйгөйүн жергиликтүү элдин баласынан чоңуна дейре тартып жатат

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын май айында Ак-Тал-Чат — Казарман жолунда узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген. Мындан улам көпүрөнүн 44,3 метр жери оңдоого муктаж болот. Аны калыбына келтирүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги тендер жарыялап, аны "Кербен жол курулуш" ААКсы 42 миллион 858,8 миң сом сунуштап утуп алган.

Сулаймановдун айтымында, алгач тендерден уткан компанияга министрлик 38 миллион сом бөлгөн. Алар көпүрөнү бетон эмес, темирден курууну пландап, жабдууларды Россиядан алмак болот. Бирок ана келет, мына келет болуп отуруп күзгө чейин созулат.

"Акыры "Кербен жол курулуш" компаниясынын жетекчилиги "38 миллион сомду Красноярскидеги бир фирмага которгонбуз, алар бизди алдап кетип, акчабызды таппай калдык" деп айтты. Ошентип иш башталбай жатып токтогон. Декабрь айында ишкананын башкы директору ооруканага түшүп, операция жасатты. Кийин ал январдын аягында каза болуп калды. Анын мүлкүн алты айга чейин конфискациялоого мыйзам жол бербейт экен, ошондуктан 38 миллион сом акча кайтарыла элек", — деди Сулайманов.

План боюнча көпүрө ушул жылдын 15-майында, тагыраагы, эртең толугу менен бүтүрүп пайдаланууга берилиши керек эле.  Бирок азыркыдай абалга кептелди. Мунун кесепетинен Көк-Жар, Жаңы-Талап, Кара-Ой жана Кызыл-Белес айыл аймактары райондун борборуна жете албай отурат. Каттам качан ачылары белгисиз. Эми алар Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жолу менен айланып, 220 чакырымды басып өтүшү керек. Ал жакта 12 миңдин тегерегиндеги калк жашайт.

Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео
"Эми ал жакта жашагандарга жол кире, азык-түлүк кымбатташы мүмкүн, жер айдоо иштери жүрүп жаткан, күйүүчү май ала албай кыйналышат. Мындан сырткары, Соң-Көлгө келген туристтердин агымы токтойт. Туристтерди тейлеп, тиричилик кылган үй-бүлөлөр да көп болчу. Эртең аким экөөбүз ал жакка айланма жол аркылуу чыгабыз. Медицина кызматкерлери да барып оорулууларды, кош бойлуу келиндерди каттоого алат. Мындан сырткары, тейлөө кызматтары көрсөтүлөт", — деди акимдин орун басары.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы "Кербен жол курулуш" компаниясы милдеттерин аткарбагандыктан, келишим бир тараптуу бузулганын билдирди. Мындан улам кайрадан долбоордук-сметалык документ иштелип чыгып, анын баасы 54,6 миллион сомду түзгөн.

"Көпүрөнү кайрадан куруу үчүн 2018-жылдын 4-январында министрликтин алдындагы Мамлекеттик жол-оңдоо курулуш башкармалыгы менен баасы 54 миллион 628 миң сомдук келишим түзүлгөн. Азыркы тапта анын курулуш иштерине 7 миллион сом бөлүнүп, тийиштүү иштер жасалууда. Көпүрөнү бүткөрүү иштери 25-июнга пландалган", — деп билдиришти министрликтен.

Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Элди нааразы кылган Бишкектин жолдору. Аны ким текшерип, кантип кабыл алат?
Анткен менен акимдин орун басары Сулайманов иштин солгун жүрүшүнө каражаттын убагында бөлүнбөй жатканы себеп болгонун белгилейт. Анын айтымында, "азыркы тапта тирөөчтөрү орнотулуп, жарым-жартылайы бүтүп калган, 15 метр жерге плиталарды койсо эле каттам ачылмак".

Аталган көпүрө 1967-жылы курулган.

Белгилей кетсек, быйыл, 7-мартта, УКМК дал ушул көпүрөгө байланыштуу кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевди кармаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0