45 жашында үч эм төрөгөн Чынара Исманова: көрүнбөгөн көзү ачыгым калган эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков45-летняя Чынара Исманова родила тройню
45-летняя Чынара Исманова родила тройню - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Балта шаарынын тургуну Чынара Исманованын учурдагы бактылуу көз ирмемдерин, кубанычын айтып берүү мүмкүн эмес. 22 жылдан бери бала жытына зар болгон эне 45 жашка келгенде жасалма уруктандыруу (ЭКУ) жолу менен 4-майда үч эм төрөдү.

Эне-балдардын ал-ахвалын сураганча Sputnik Кыргызстан агенттиги Чынара Исманованын өзү менен да маектешип келди.

Нежелательная беременность в КР - Sputnik Кыргызстан
Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
"Жал" кичирайонундагы Эне жана баланы коргоо борборуна барсак ымыркайлар жаңы эле 6-төрөт үйүнөн которулуп келип жайгашып жатыптыр. Улуу кызы апасына жардамдашып ымыркайлардын сүтүн даярдап, атасы сырттан майда-чүйдөсүн ташып, айтор, бир аз беймаал барып калыптырбыз. Бирок ага карабай Исманова биз менен маек курду. 22 жылдан кийин бир учурда үч балалуу болуу кандай бакыт!

— Бешик бооңуз бек болсун! Угушубузча бул сиздин экинчи төрөтүңүз экен…

— Ооба, 22 жаштагы кызым бар. Ошондон бери балалуу боло албай жүргөнбүз, Кудайдын көзү түз экен, бир эмес, үч балалуу болуп отурабыз. Кубанычыма чек жок, атургай ишенбей дагы кетип жатам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧынара Исманова: 22 жаштагы кызым бар. Ошондон бери балалуу боло албай жүргөнбүз, Кудайдын көзү түз экен, бир эмес, үч балалуу болуп отурабыз. Кубанычыма чек жок, атургай ишенбей дагы кетип жатам
45-летняя Чынара Исманова родила тройню - Sputnik Кыргызстан
Чынара Исманова: 22 жаштагы кызым бар. Ошондон бери балалуу боло албай жүргөнбүз, Кудайдын көзү түз экен, бир эмес, үч балалуу болуп отурабыз. Кубанычыма чек жок, атургай ишенбей дагы кетип жатам

— Жасалма уруктандыруу жолу менен төрөгөн турбайсызбы?

Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
— Ооба, канча күтсөм да боюма бүтпөй койду. Дарыгерлер суук тийген окшойт деп айтышты. Так себебин деле эч ким билген жок. Көрүнбөгөн дарыгер, барбаган көзү ачык, табып, ичпеген дарым калган жок. Жашым улам өйдөлөгөн сайын ушуну менен эле төрөй албай каламбы деп кабатырланып жүргөм. Көрсө, үмүт үзбөш керек экен. Ошентип акыры ЭКУга (экстрокорпоралдык уруктандыруу) барып көрүүнү ойлоп, борбор калаадагы түрк клиникасына кайрылдык. Жолдошум экөөбүздүн ден-соолугубузду дарыгерлер бир сыйра текшерип, жасалма уруктандыруу кылса болорун айтышты. Бактыма жакшы дарыгерге да туш болуп калыптырмын. Төрөөр-төрөгүчө ошо кишинин көзөмөлүндө болдум.

— Жасалма уруктандырууну айрымдары 5-6 жолу жасатып жатып араң төрөшөт экен. Сиздики кандай болду?

— Меники биринчисинде эле ийгиликтүү болду.

— ЭКУнун баасы да арзан болбосо керек?

— Билинбей бир топ эле каражат кетет экен. Биздики баш аягы 2000-3000 доллар сарпталды окшойт. Жолдошум экөөбүз ага да кайыл болуп тытынып жер иштетип акча чогулттук.

— Негизи жасалма уруктандыруу менен үч эм төрөгөндөр буга чейин болуптурбу?

— Анысын деле билбейм, бирок көбүнчө жасалма уруктандыруу менен бир же эгиз эле балдар төрөлчү экен. УЗИге барсам мага дарыгерлер да таң калышкан. Бул дагы жакшы жышаан да. Башкысы — эми балдарым аман-эсен торолуп кетсе болду.

— Ымыркайларга ысым ыйгардыңыздарбы?

— Жок, аны ойлоно элекпиз (күлүп).

— Балдардын абалы кандай?

— Жети айлык болуп ара төрөлүштү. Операция жасалды. Бирок салмактары жакшы экен. Бүгүн №6 төрөт үйүнөн "Жалдагы" балдар ооруканасына которулдук. Эркек балабыз кичине алсыз болуп дары алып жатат. Кыздар буюрса жакшы. Бирок азырынча ооруканада эле болобуз го. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБактылуу эне: ЭКУга билинбей бир топ эле каражат кетет экен. Биздики баш аягы 2000-3000 доллар сарпталды окшойт. Жолдошум экөөбүз ага да кайыл болуп тытынып жер иштетип акча чогулттук
45-летняя Чынара Исманова родила тройню - Sputnik Кыргызстан
Бактылуу эне: ЭКУга билинбей бир топ эле каражат кетет экен. Биздики баш аягы 2000-3000 доллар сарпталды окшойт. Жолдошум экөөбүз ага да кайыл болуп тытынып жер иштетип акча чогулттук

— Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

— Кесибим боюнча медайымын. Буга чейин Кара-Балтада ФАПта фельдшер болчумун. Андан кийин иштебей калгам.

— Жолдошуңузчу?

— Жолдошумдун туруктуу деле жумушу жок, жер иштетип жеке ишкерлик менен алектенет. Кызым болсо юридикалык академияда билим алат.

— Арабызда бала жытына зар болуп жүргөн айымдар көп эмеспи. Сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Башкысы ишенип, үмүт үзбөш керек экен. Кээде жатып алып ар кайсыны ойлонуп, ыйлаган да күндөр болот. Бирок Кудай берем десе минтип 40-50 жашка келгенде деле берип коет турбайбы.

Жаңылыктар түрмөгү
0