Дем алыш күндөргө карата аба ырайына божомол

© Sputnik / Акылбек БатырбековПарк имени Даира Асанова в Бишкеке
Парк имени Даира Асанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Ош калаасында ысык орточо эсеп менен 22...27 градуска чыгат

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дем алыш күндөрү аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп турат.

Город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Күн деги ысыйбы? Май айына карата аба ырайынын божомолу
Бишкек шаарында 5-6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ишембиде түнү 12…14, күндүзү 25…27 градуска чейин ысыйт. Ал эми жекшембиде түнү 12…14, күндүзү 21…23 жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 6-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош калаасында 6-майда күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, күн күркүрөшү, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши болжолдонууда.

6-майда +13…+15, күндүзү +25…+ 27ге чыгат. Ал эми жекшембиде +13…+15, күндүзү +23…+ 25ке көтөрүлөт.

Облустар боюнча аба ырайы

Ишемби, 5-майда, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн аба ырайы түнү 10…15, ал эми күндүзү 22…27 градуска көтөрүлөт. Таласта түндө +7…+12 болсо, күндүзү 22…27 градуска ысыйт. Баткенде сымап мамычасы түнү +10… +15ти, күндүзү +22…+27ти көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абадда түндө 10…15 градус, күндүзү 22…27 градуска ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсү 4…9, күндүзү 15…20 градус болот. Нарын облусунда түнү 3…8, күндүзү 16…21 градуска чейин жылыйт.

Празднование 72-годовщины Победы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Унутуп калбаңыз! Кыргызстанда 5-май жана 9-май дем алыш болот
Ал эми 6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, күн күркүрөп, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүйдө түнкүсүн 10…15, ал эми күндүзү 20…25, Таласта түндө 7…12, күндүзү 20…25 градуска ысыйт. Баткенде түнү термометр 10…15ке, күндүзү 20…25ке көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абадда түндө 10…15 градуска, күндүзү 20…20 градуска ысыйт. Ысык-Көлдө аба ырайы түнкүсү 4…9, күндүзү 15…20га чейин жылыйт. Нарын облусунда күн түнкүсүн 3…8, күндүзү 16…21ге чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0