23:28 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив

Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты

© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)
221840

Бул жылы Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулованын жүз жылдыгы белгиленет. Бир кылым жашаган залкар дарыгер кыргыз медицинасын түптөөчүлөрүнүн бири болуп, анын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон.

Кыргыз медицинасына бүт өмүрүн арнаган, жаңы ачылыштарды жасап, миңдеген бейтаптарды айыктырган алтын колдуу академиктин урматына өлкөдө бир топ илимий иш-чаралар уюштурулмакчы. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул салтанатка карата улуу дарыгер тууралуу сегиз фактыны сунуштайт.

Атанын орундалган тилеги. Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Канттын Четинди айылында дыйкандын бүлөсүндө туулган. Ал ата-энесинин көптөн күткөн тун перзенти болгондуктан, атасы Рыскул кызына чоң той берип, илимдүү-билимдүү болуусун тилеп бата алган. Наристе тогузга чыкканда атасынан айрылат. Анын келечегине кам көрүүнү Рыскулдун аталаш иниси, улуу кыргыз илимпозу, агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев өз колуна алат. Ал Какишти 1929-жылы Фрунзеге алып келип, болочок хирург 1-классты борбор калаадан бүтөт. Андан соң Аламүдүн районундагы "Колхоз жаштары" мектеп-интернатында окуй баштайт.

Архивные фотографии первой женщины-хирурга в Центральной Азии Какиш Рыскуловой
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Алгач театр адамы болууну эңсеген Какиш Рыскулова агасы Ишеналы Арабаевдин керээзи менен медицина тармагын тандаган

Ишеналы Арабаевди керээзи… Мектептен соң билимин жогорку окуу жайда улантууну чечкен Рыскулова алгач театр өнөрүн үйрөнүүнү каалайт. Бирок ата ордуна ата болгон Арабаевдин "кыргыздардын арасынан медициналык кызматкерлердин көп чыгуусун каалайт элем" деген сөзүн эстейт. Ал убакта Арабаев эл душманы деген айып менен камалып, түрмөдө каза болгон эле. Ошентип Рыскулова 1934-жылы сынактан өтүп, Фрунзедеги медициналык техникумда окуй баштайт.

Архивные фотографии первой женщины-хирурга в Центральной Азии Какиш Рыскуловой
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Борбордук Азиядан чыккан алгачкы аял хирург жана академик Какиш Рыскулова эмгек жолун Баткенден баштаган

Комсомолдон чыгуу коркунучу. Бардык сабактарды мыкты окуп, жакшы өздөштүргөн жаш студент дароо эле мугалимдерге жагат. Окуу жайдагы алдыңкы студенттердин бири экенине карабай, 1937-жылы акыркы курста окуп жаткан кезинде ошол кездеги системанын каарына кабылат. "Эл душманы Ишеналы Арабаев менен тыгыз байланышы болгон" деген күнөө коюлуп, комсомолдун катарынан чыгаруу тууралуу сөздөр жүрө баштайт. Ал убакта комсомолдон чыгуу деген билим алуу менен коштошуу дегенди билдирчү. Бирок окуу жайдын директору Жүкөш Мамбеталиев менен Фрунзе шаардык комсомол комитетинин мүчөсү Ашыралы Боталиев медицина кызматкерлеринин элге өтө зарыл экенин айтып, жогорку жактагыларга кат жазып жатып араң алып калышат. Рыскулова бул эки инсанга ыраазы экендигин өмүр бою айтып келген.

"Кичинекей доктур". Рыскулова медициналык окуу жайды 1938-жылы кыш мезгилинде артыкчылык менен аяктап, Баткенге барып фельдшер болуп иштей баштайт. Кыргызстандын эң алыскы аймагында карапайым калкты эмдеп жүрүп, дарыгер болуу кандай экендигин жон териси менен сезет. Элден жардамын аябаган Рыскулованы жергиликтүү калк катуу урматтап "кичинекей доктур" деп аташат. Баткенде бир жылга жакын эмгектенген соң Нарын облусуна которулат. Нарын шаардык ооруканасында жана облустун саламаттык сактоо бөлүмүндө бир жылдан ашык иштейт. Бирок дарыгер катары элге жардам кылуу үчүн дагы да билимин өркүндөтүүнүн зарыл экенин түшүнүп, 1940-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырат.

Өкмөт чоңойткон кыз. Студент кези Улуу ата мекендик каардуу согушка туш келет. Энеси колундагы үч баланы баккан жөнөкөй колхозчу болгондуктан, студентке 500 рублдик сталиндик стипендия жакшы жардам берет. Ал "мени баштан аяк өкмөт окутту. Жада калса тамак-ашымдан бери камсыз кылды" деп азыркыга чейин совет бийлигине ыраазычылыгын айтат. Алгачкы операциясын 25 жашында 1943-жылы жасайт. 1944-жылы институтту артыкчылык менен аяктап, хирургия факультетине аспирантурага тапшырат. Ошентип кыргыз медицинасындагы залкар хирургдун кесиптик жолу башталат.

Архивные фотографии первой женщины-хирурга в Центральной Азии Какиш Рыскуловой
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Рыскулова: мени баштан аяк өкмөт окутту. Жада калса тамак-ашымдан бери камсыз кылды

Медицинага арналган өмүр. 1950-жылдан баштап бул жаш адис Рыскулованын атагы бүткүл Союзга тарай баштайт. Анын илимий эмгектери медицинанын ар түрдүү катмарларын камтыган. Онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген. Ал 1951-жылы ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалап, алардын сезгичтигин калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүү жана улаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү тууралуу эмгеги менен кандидаттык диссертациясын жактайт. Муну менен Кыргызстан тарыхындагы медицина жаатындагы кандидаттык диссертациясын жактаган алгачкы аял-хирург катары калды. Муну менен гана чектелип калбастан илимий, кесиптик жана коомдук иштерин уланта берет. 1967-жылы дүйнөлүк медицинадагы чоң ачылыш болгон "Аритмия жана венадагы кан тамырларды, нервдерди механикалык жол менен тигүүнүн артыкчылыгы" аттуу эмгегин бүтүп, доктордук диссертациясын жактайт. Дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн чакыруулар түшөт. Бирок Рыскулова өз эмгегин кыргыз элине жумшоону чечип, сунуштардан баш тартат. 1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болот. Элге бир гана илимий эмес, коомдук жактан да жардам берүү максатында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп кызмат өтөйт.

Архивные фотографии первой женщины-хирурга в Центральной Азии Какиш Рыскуловой
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Ал онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген

Элге сиңген эмгек. Эки жүздөн ашуун илимий иштердин автору болгон Рыскулова кыргыз медицинасы үчүн кызмат өтөгөн баалуу кадрларды тарбиялаган. Алардын арасында атактуу хирургдар Акылбек Усупбаев, Сабырбек Жумабеков, Рахатбек Оморов, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев сыяктуу көрүнүктүү инсандар бар. Азыр Кыргызстандын медицинасы анын "Кандын уютуу системасы жана табигый гипоксияга карата адаптация", "Кыргызстандын медициналык географиясы" деген илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет. Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери "Даңк" жана "Манас" ордендери менен сыйланган.

Архивные фотографии первой женщины-хирурга в Центральной Азии Какиш Рыскуловой
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Быйыл Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп иштеген Рыскулованын 100 жылдыгы белгиленүүдө

Үй-бүлөсү. Бүт өмүрүн кесибине арнаган Рыскулованын эки кызы бар. Кыздарга кошуп бир туугандарынын эки уулун да чогуу тарбиялаган. Ал партия кызматкери болгон жолдошу Оморкул Сулейманов менен кыздары кичинекей кезинде эле ажырашып кеткен. Өзүнүн айтымында, ажырашууга эч кандай урушуу же түшүнбөстүктөр себеп болгон эмес. Академиктин тун кызы Анара Сулейманова белгилүү балерина. Бир кылым жашаган залкар мекендешибиз азыр да үй-бүлөсү менен бактылуу өмүр сүрүүдө.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)

Тема боюнча

Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты
Антарктиданы багындырган биринчи кыргыз. Окумуштуу Айдаралиев тууралуу 6 факты
Белгилер:
факты, дарыгер, медицина, Какиш Рыскулова

ЭҢ МААНИЛҮҮ