17:00 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Нооруз — 2018 (32)
39401

Боорсок эки сааттын ичинде даяр болду

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жаркынай Кудаярова билдирди.

  • Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду
    Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду
    © Фото / Владислав Ногай
  • Нооруз майрамына арналган боорсок фестивалында уюштуруучулар алгач 700 килограмм боорсок бышырууну көздөп жатышкан
    Нооруз майрамына арналган боорсок фестивалында уюштуруучулар алгач 700 килограмм боорсок бышырууну көздөп жатышкан
    © Фото / Владислав Ногай
  • Боорсоктун камырын Бишкектеги муниципалдык нан бышыруу жайы жууруп, ачытып берди
    Боорсоктун камырын Бишкектеги муниципалдык нан бышыруу жайы жууруп, ачытып берди
    © Фото / Владислав Ногай
  • Ал эми шаардыктардан турган 10 команда боорсокту эки сааттын ичинде бышырып бүттү
    Ал эми шаардыктардан турган 10 команда боорсокту эки сааттын ичинде бышырып бүттү
    © Фото / Владислав Ногай
  • Боорсоктордун бир бөлүгү келген конокторго таратылып, экинчи бөлүгү балдар үйлөрүнө жеткирилгени жатат
    Боорсоктордун бир бөлүгү келген конокторго таратылып, экинчи бөлүгү балдар үйлөрүнө жеткирилгени жатат
    © Фото / Владислав Ногай
  • Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага конок болуп жалпы жонунан 1,5 миңге жакын киши келди.
    Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага конок болуп жалпы жонунан 1,5 миңге жакын киши келди.
    © Фото / Владислав Ногай
1 / 6
© Фото / Владислав Ногай
Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду

Нооруз майрамына арналган боорсок фестивалында уюштуруучулар алгач 700 килограмм боорсок бышырууну көздөп жатышкан.

"Боорсоктун камырын Бишкектеги муниципалдык нан бышыруу жайы жууруп, ачытып берди. Ал эми шаардыктардан турган 10 команда боорсокту эки сааттын ичинде бышырып бүттү", — деди Кудаярова.

Анын айтымында, боорсоктордун бир бөлүгү келген конокторго таратылып, экинчи бөлүгү балдар үйлөрүнө жеткирилгени жатат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага конок болуп жалпы жонунан 1,5 миңге жакын киши келди.

Белгилей кетсек, 11-мартта Кыргызстанда бир тонна 462 килограмм бешбармак жасалып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракеттер болгон.

Тема:
Нооруз — 2018 (32)

Тема боюнча

Бүгүн Бишкекте 700 килограмм боорсок жасалат
Тоодой бешбармак, 117 метрлик чучук. Шилекейди агызган сүрөттөр
Белгилер:
рекорд, боорсок, Нооруз, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ