Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп

Жазылуу
Бул дүйнөдө балалуу болууну каалабаган адам болбосо керек. Бирок аялуу жандын түрдүү себептер менен наристе жытын искей албай калган учуру көп.

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгер гинеколог-эндокринологу Нуржамал Керимбаева аялдардын балалуу болбой калышынын бир нече себебин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги №1 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгер гинеколог-эндокринологу Нуржамал Керимбаева
Гинеколог-эндокринолог ЦСМ №1 в Бишкеке Нуржамал Керимбаева  - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгер гинеколог-эндокринологу Нуржамал Керимбаева

Тукумсуздук деген эмне?

Жубайлар жыл бою жыныстык катнашта жүрүп, бирок балалуу боло албаса тукумсуздук деген жыйынтык чыгат. Аял 35 жаштан өткөндө жарым жыл ичинде боюна бүтпөсө балалуу боло албай жатыптыр деген бүтүмгө келебиз. Бул болгону медициналык жыйынтык. Андан соң себебин аныктап, дарылоого өтөбүз.

Келиндерди тукумсуздукка алып келген 6 жагдай

1. Жатындын туура эмес өрчүшү, шишиктин пайда болушу, түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калышы түйүлдүк жарата албайт. Буга жыныстык катнаш аркылуу жуккан инфекциялар себеп.

Жогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Уролог Нурлан Эгетаев: ныгырыла отуруп иштебе, тукумсуз болуп каласың!
2. Бойдон алдыруу же түшүп калуу. Аялдын боюна бүткөндө организм ошого жараша даярданат. Түйүлдүк алынгандан кийин дене көп убакыт стресске кабылат. Бойдон алдыруунун өзү кооптуу. Заманбап ыкма вакуум же дары-дармектин жардамы менен түйүлдүктү алдыруу жеңил деп айтылганы менен кийин кесепетин тийгизбей койбойт.

3. Урук клеткаларынын азайышы. 36 жаштагы келин балалуу болбой жатам деп келди. Ден соолугун текшерип көрсөк урук клеткалары түгөнүп калыптыр. Кыз бала төрөлгөндө урук клеткасынын ченелүү саны менен жарыкка келет. Маселен үч миллион болсо, ал үй-бүлө курганга чейин айыз циклинен, жыныстык катнаштан кийин же өзүнөн өзү корой берет. Урук клеткасынын резерви адамдын тукумунан, организминен көз каранды. Чет өлкөдө урук сактоо иштери кеңири жүргүзүлөт. Бизде бир гана клиника мындай иш менен алектенет.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгер дары-дармек, операциялык жол тукумсуздук менен алышууга жардам бербесе, жасалма уруктандыруу сунушталат. Мындай ыкмалар учурда Кыргызстанда өнүгүүдө
ЦСМ №1 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эгер дары-дармек, операциялык жол тукумсуздук менен алышууга жардам бербесе, жасалма уруктандыруу сунушталат. Мындай ыкмалар учурда Кыргызстанда өнүгүүдө

4. Биологиялык дал келбестик. Жакында Алматыдан жубайлар келди. Алар сегиз жылдан бери балалуу боло албай, какпаган эшиги, барбаган клиникасы, кайрылбаган бүбү-бакшысы калбаптыр. Балалуу болбой жатканда адатта аялды күнөөлөшөт. Жубайлардын саламаттыгын текшерсек баары жайында экен. Биологиялык дал келбестик деген бар. Башкача айтканда, аялдын организми эркектин уругун кабыл албайт. Ошол эле аял башка күйөөгө чыкса балалуу болуп кетет. Бул оору эмес, табияттын бергени.

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турмушка кеч же эрте чыкса эмне болот? Гинекологдун маеги
5. Вагинизм. Жакында эле жаш кыз келип, жолдошу менен 2,5 жылдан бери жыныстык катнашсыз эле жашап жүргөнүн айтты. Ал вагинизм оорусуна кабылыптыр. Вагинизм — аялдын жыныс кынынын ачылбай калышы. Башкача айтканда, дене чочуп калат. Мында гинеколог психолог менен чогуу иштеш керек. Буга көбүнчө төшөк жаатында тажрыйбасы жок жаш жубайлар, зордуктоого дуушар болгон кыз-келиндер кабылат.

6. Эндокриндик (адамдын ички бөлүгү — ред.) тукумсуздук. Мында гормондордун иштеши бузулат. Ага урук клеткаларынын өрчүбөй калышы, айыз циклинин бузулушу, мээдеги пролактин гормонунун туура эмес иштеши себеп. Пролактин гормонунун көп иштелип чыгышы урук клеткаларынын санын азайтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгер Керимбаева: кыз бала төрөлгөндө урук клеткасынын ченелүү саны менен жарыкка келет. Маселен үч миллион болсо, ал үй-бүлө курганга чейин айыз циклинен, жыныстык катнаштан кийин же өзүнөн өзү корой берет.
Гинеколог-эндокринолог ЦСМ №1 в Бишкеке Нуржамал Керимбаева  - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Керимбаева: кыз бала төрөлгөндө урук клеткасынын ченелүү саны менен жарыкка келет. Маселен үч миллион болсо, ал үй-бүлө курганга чейин айыз циклинен, жыныстык катнаштан кийин же өзүнөн өзү корой берет.

Жасалма инсеминация, ЭКУ жолдору аркылуу балалуу болуу

Эгер дары-дармек, операциялык жол тукумсуздук менен алышууга жардам бербесе, жасалма уруктандыруу сунушталат. Мындай ыкмалар учурда Кыргызстанда өнүгүүдө.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
Жасалма инсеминация — эркектин уругун аялдын жатынына жайгаштыруу менен бойго бүтүрүү. Алгач эркектин уругу лабораторияда тазаланып, тоңдурулат. Аялдын жумуртка клеткасы сперма менен кошулууга даяр болгон учурда тоңдурулган урук аялдын жатынына атайын катетер шприцтин жардамы менен киргизилет.

Ал эми экстракорпоралдык уруктандыруунун (ЭКУ) ыкмасында аялдын бышып жетилген урук безин, ошол эле учурда эркектин да спермасын алып лабораторияда экөөнү бир пробиркага жайгаштырат. Пробиркада түйүлдүк пайда болгондон кийин ал аялдын жатынына салынат.

Биз буга чейин эркектерди тукумсуздукка жеткирген ооруларды тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0