"Чычкандагы" көчкүдөн улам Бишкек — Ош каттамына авиабилет арзандады

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чычкан" капчыгайына түшкөн көчкү болжол менен үч күндүн ичинде тазаланып бүтөт

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүгө байланыштуу Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча авиабилеттердин баасы арзандады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү авиакомпаниядар менен байланышканда белгилүү болду.

Бишкек — Ош жолун тосуп калган тоодой кар көчкүнүн видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолун тосуп калган тоодой кар көчкүнүн видеосу чыкты
Эскерте кетсек, 15-январь күнү аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Бишкек — Ош жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген учурда бир катар авиакомпаниялар тарабынан Бишкек — Ош — Бишкек каттамына билеттердин баасын 27 пайызга төмөндөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

"Avia Traffic Company" ишканасынын коммерциялык бөлүмүнүн менеджери Асел Келдибаева жеңилдик ишке киргенин тастыктап, жол толук ачылганга чейин Бишкек — Ош каттамына билеттин баасы 2700 сомдон ашпай турганын билдирди.

“Учурда билеттер 1800дөн 2700 сомго чейин сатылууда. Буга чейин эң жогорку нарк 3700 сом болчу. Белгилей кетсек, 2700 сом таза наркына агенттер, башкача айтканда, жеке менчик авиакассалар үстүнө 300 сомдон кошуп сатканга укуктуу. Эгер жол ачылганга чейин билет баасы 3000ден ашып кетсе кардарлар арызданса болот. Биздин кеңсебизде таза наркы менен сатылат”, — деди Келдибаева.

Ал эми "Air Manas" ишканасынын коммерциялык бөлүмү дагы компания келишимге ылайык иштеп жатканына ишендирди.

Сход лавины в ущелье Чычкан на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкүдөн улам Бишкек — Ош жолу жабылды. Учурда эмне болуп жатат
“Өзгөчө кырдаалга байланыштуу билет баасы арзандаган. Буга чейин билет баасы 1300 сомдон 4000 сомго чейин болсо, учурда эң жогорку чек катары 3000 сом болууда. Бирок бүгүн жана эртең түшкө чейинки убакытка билет калган жок. Кечкиге азыраак орун бар”, — деп айтылат маалыматта.

"TezJet" компаниясы да аталган жеңилдиктер иштеп жатканын ырастап, билет 2300 сомдон 2700гө чейин сатылып жатканын билдирди. Андан жогору сатылышы мүмкүн эмес. Бул компанияда дагы билеттер жай күндөрү 3700 сомго чейин сатылып келген.

Кечээ, 13-мартта, түнкү саат 22.40тар чамасында "Чычкан" капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылган. Адамдарды басып калган факты жок. Түшкөн көчкүнүн узундугу 250 метр, бийиктиги 50 метрге жетет. Карды тазалоого үч күн убакыт кетери айтылды. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаалдын жүрүшүнө байкоо салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0