Санабайт, бөтөн көзгө көрсөтпөйт! Мал туут учурундагы 6 "болбойт"

© AFP / MARCEL MOCHETУй жана жаңы туулган музоо. Архив
Уй жана жаңы туулган музоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаз келип учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мал төлдөп жаткан мезгили. Элибиз мал-жандыкка өзгөчө мамиле жасагандыктан бул учурда да ар түрдүү ырым-жырымдарды жана тыюуларды колдонушкан.

Мал туут учурунда эмнелерди эске алып, жасабаш керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратовдон билип көрдү.

Мал төлүн башка кишиге көрсөтпөйт. "Төлгө көз тийбесин" деген мааниде үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка сырт кишилерди короого жакындатышкан эмес.

Жаш төлдү аралабайт. Жаңыдан туулуп жаткан жаш төлдү мейли үй ээси же үй-бүлө мүчөсү болобу, көп аралап, аларга көз артпаш керек. Эгер төл көп болсо санай берген да болбойт.

Жайлоодогу жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атты башка чаппайт, жалын өрбөйт! Жылкыга байланыштуу 9 "болбойт"
Мал туут учурунда бирөөгө сүт азык бербейт. "Төлдүн киндиги катсын" деп кээ бир адамдар үйдөн мал төлдөп бүткүчө эч нерсе чыгарбайт. Бирок уй тууган учурда уусунан ооз тийгизиш үчүн коңшу-колоңго жыт чыгарып чай берет. Мурда кой тууганда аларды саап, эжигей жасап кошуна-колоңду чакырышкан.

Мал туут учурунда башкаларга туз бербейт. Айрым адамдар "үйдөгү ырыскы кошо чыгып кетпесин" деп үйдөн ак, туз жана эт чыгарбайт. Атургай буюм-тайымдарын да мал төлдөп бүткүчө эч кимге берген эмес.

Туут учурунда мал сойбойт, кан чыгарбайт. Бул ырым да өлкөнүн айрым жерлеринде тыюу катары колдонулат. "Киреше кирбей калат" деп малды төл бүткөн соң союшкан.

Карызга жем бербейт. Жаш төлдүн учурунда үйдөн малдын тамагын жем, чөптү да карызга беришкен эмес. Эгер төл учурунда мал өлүп калса "жанга аралжы" ага да көп кайгырган эмес.

Мал союудагы тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0