01:25 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү

Министр Батыралиевдин айылга каты. Уй саап, нан жапкан күндөр жана түйшүктүү балалык

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (63)
66321

Бул сапар айылга катты дүйнөлүк деңгээлдеги кардиолог, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жазды.

Ал жашоосуна кубаныч тартуулаган мугалимдерин, күнгө сызгырылып пахта менен тамеки терген балалыгын жана айылдагы суулууларды суктантып кайдышер калтырбаган аккардеон черткен талантын эстеди.

Биздин каарман Сузактын Кызыл-Янгир айылында туулуп, өскөн.

Саламатсыздарбы, айылдаштарым, айылым. Бүгүн мен көптөн бери жасай элек кат жазуу вазийпасын аткарып жатам.

… Отуруп алып, бир туугандарга кат жазайын деген азыр жок, каттын милдетин телефон аткарып калды. Айыл дегенде мага бир жакшы учурлар, сезимдер эске келет. Айыл кенендиги, берекеси, тазалыгы, малы-жаны менен, айтор бардыгы чогулуп келип кандайдыр бир коопсуздуктун, ишенимдин, тынчтыктын символу катары сезиле берет.

Советтер союзунда чоңойдум да. Кийин медик болгон үчүнбү, бала кезде медайымдар үй сайын "тажатып" балдарды эмдөөгө алып баргыла деп кыдырып жүргөнүн эстейм. Дегеле медицинага байланышкан ар бир нерсе мен үчүн кымбат. Кийинчерээк айылда ФАП курулуп, анда иштеген бир жеңебиз, ак халатын кийип, чачын артка силкип таштай басканда башкача таасирдүү көрүнчү. Ак халатчандар дүйнөнүн жүгүн өзүнө алган зор күч-кубатка ээ алптардай сезилчү.

Эсимде, 7-8-класстан окуп калгам. Биздин үйгө жаш – адистер, бири Жети-Өгүздөн, бири Тоңдон келген Айшагүл Чалабаева, Курманбек Салахунов аттуу жаш педагогдор жашап, иштеп калышты. Бири физик, бири математик эле. Азыр баамдасам, институтту жаңы бүтүп, иштесе ишке тойбой турган адистер экен. Биздин үйдө кыз жок эле, бир тууганча өстүк.

Алар сабакка жөнөгөндө көзүмө бир сонун көрүнөр эле, аркасынан түшүп алып, мектепке кантип жеткенимди билбей калчумун. Башкалардан айырмачылыгы, ошол эжекелер, агайларым үйгө келгенде бир туугандан айырмасы жок болчу. Чогулуп алып, топ тепчүбүз. Ойноп жатып, күндүн кантип батканын да билбей калар элек.

Бир тууган болуп калган жаш мугалимдер

Сузактын этегиндеги айылда туулуп, өстүм. Ал учурда кошулуп кеткен өзбек тилиндеги сөздөр басымдуулук кылып, таза кыргызчадан узак элек. Тигилер келип, биздин сүйлөгөн тилибизге абдан күлчү. Себеби алар, Бишкекте, Ысык-Көлдө өскөн жаштар болучу. Азыр баамдасам, өздөрү жаш болсо, маданияты башка аймакка түшүп калса, алды кийин мындай диалектилерди укпаса, анан абдан кызык угулчу окшойт. Ал учурда келиндин, жаш келиндин, аялдын ачык кийиниши мүмкүн эмес эле. Айшагүл эжем мектептен келгенден кийин, спорттук күрмө, шымын кийип алып жүрчү. Кошуналарыбыз кийинүүнүн мындай маданиятына таңгалып карашат эле. Эсимде, алар деле атамдын балдарындай болуп калды да. Атам кечинде келе жатканда коон, дарбыз, жүзүм, же эрте жазда бышкан клубника ала келет да. Анан мугалим эжекем өз атасындай көрүп, "ата, рахмат!" деп бетинен кучактап өпсө, аны көргөндөр "бул эмне болуп жатат" деп таңгалып карагандары эсимде. Кийин түшүнсөм, бул маданияттардын бет келгени болуптур.

Алар мектепте кадимки мугалимдей олуттуу жүрөт. Анан үйгө келгенде баары башталат. Үйдөн шахмат, шашки ойноп жатып, талашып-тартышып, урушуп да кетебиз. Азыр ойлосом алар деле бала экен да. Айтор, бир туугандай болуп чоңойдук. Бир четинен мени ошолор келечекке даярдагандай болду. Үйдө кыз болбогон үчүн ал мугалим эже, апам менен атамдын өзүнүн кызындай эле болуп калды. Муну эмнеге эстеп, эңсеп айтып жатканым – азыр коомдо кадр маселесин даярдоодогу ойлонтчу жайгдай. Жогору окуу жайын бүтүп даяр адис болгондор өзүнүн аймагына кетишке аракет кылып жатат. Мен азыр маселен өзүм башкарган тармакта Кыргызстандагы кадрларды аралаштырыш керек деген талап коюп жатам….

Түйшүктүү тамеки менен пахта

Айылда түйшүк оор экенин эстедим. Анда айрыкча, пахтачылык, тамекичилик менен алектенген аймактарда мээнет жаш балдардын, аялдардын мойнунда болор эле.

Тамеки тизип, пахта терген күндөр эсимде. Бош убакта албетте, спорт же башка менен алектенесиң, бирок түйшүк деген бизден качпай турган иштерден болучу.

Тамекини эртең менен күн чыга электе теришиң керек, себеби күн чыккандан кийин эфир бөлүнүп, жыт чыгат да, ал тургай жөөктө аралап жүрүүгө мүмкүн эмес. Өжөрлөнөм десең, эсиң ооп кулап каласың. Терип келгенден соң көлөкөгө коюп, сабагынан жалбыракты үзүп алып, ийне менен тизүү өзүнчө эле азап. Аябай зыян, ал тургай колуңа жабышкан желими карайып, алты айлап кетпей жүрөр эле.

Пахта өзүнчө сөз. Күн төбөдөн куйкалайт. Суу жок, жата калып ылай суудан ичип, чаңкооңду алдайсың. Жаман жери арамза болсоң кыйын эле, андыктан качан бүтөм дебей, алдыңды карай бербей иштеген оң болучу. Жөөккө келип, этекти тагынып шымалана ишке киришмей. Эң жакшы түшүм берген жерде бир козадан (уячадан) 2 граммдан чыгат. Колуңа ийнелери батып кеткенде, ачышканын айтпа. Анан ушинтип, белиң бекчейген тейде терип жөнөйсүң. Карасаң учу-кыйырсыз апапакай болуп, алдыңда жатат. Атаңгөрү качан бүтөт деп ойлосуң. Граммдан топтойсуң, ал эми аткара турган күндүк норма 100-140 кг. Күйгүзгөнү бир килограммын 2 тыйындан тапшырасың. Бул биздин мээнеттүү балалыктын ирмеми.

Уй саап, тамак жасап

Сегиз бир тууган элек, мен экинчи болгондуктан, үй оокатын кыздай эле жасачумун. Нан жапкандан тарта кир жууганга чейин мойнумда болду. Керек болсо, уй саап, боорсок жасап дегендей.

Уй демекчи, кээде апамдын жумушу чыгып калганда кадимкидей эле саап койчумун. Бир жаман жери, убагында саабасаң ийибей коёт. Сүт чыкпаса, ал үчүн үйдөгүлөргө жооп беришим керек. Тамакты менмендеген келиндерден артык жасашым мүмкүн, бирок кем жасабайм. Маселен, азыр мен тамак алып келе жатканда, жакындай электе эле анын кандай жасалганын жытынан билип коём. Тамакты тандап калат экенсиң. Бирок ошол жаман адат экен. Сыр бербегенге туура келет, укмуш деп жей бересиң (жылмайып).

Менин ийгиликсиз лайфхагым…

Раматылык агам бар эле, анын шымын кайра-кайра үтүктөй берип жадатчумун. Бир күн аскерден келген агайлардан ички бетин кир самын менен сызып алып үтүктөсө кыры жакшы чыгат экен дегенди угуп калдым. Анан шымалана кириштим. Кирдеп калган же өңдүү кездеме болсо, суулап туруп басканда самындын тагы кала турганын кайдан билиптирмин. Андай учурлар көп болуп, түйшүктөнүп кайра жууп чыккан учурларым эсимде. Анткен менен ийгиликсиз лайфхактарым мени көп нерсеге үйрөттү. Кийин ханга салам бербей калдым.

Колотко жашырынып үйрөнгөн аккордеон

Бой жетип, чоңоё баштаганда, үйдүн оокатын кыздардан кем кылбай турганыңды башкалар көрбөсүн деп жашыра баштайсың. Анан бир жактарга барсаң, билбейм дейсиң. Билем десең эле "сен кыла койчу" дегенге өтөт да. Андай жактар да бар.

Эсимде, кыздарга көп каттагандын ордуна бокс менен катуу алектендим. Воллейболду жакшы ойночумун. Бала кезде ар жактан лидер болсом деген бир умтулуу бар эле. Мунун себебин кийин түшүндүм. Көрсө жети айлык төрөлүп, итий менен ооруптурмун. Анан арык болуп чыга келдим да чоңойгондо. Толук болсом, булчуңдарым буржуюп чыгып турса деп кыялдана берчүмүн. Буга спорт көмөкчө болду. Айнектен, күзгүнүн жанынан өтүп бара жатып, булчуңдарымды аңдый берген адатым бар эле. Аскерден келген байкелердин дене түзүлүшү, спорт менен машыккандыгы байкалса, кадимкидей таасирленип, там аркасына барып, гираларды көтөрүп, өзүмчө эле убара тарткан күндөр кечээ эле болгондой сезилет.

Эсимде 10-классты бүтүп жаткан учур эле, чөп жыйнаганы бардык. Кечинде тамак ичип бүттүк. Байкасам, татынкай кыздарыбыз баары эле аккордеон менен гитараны жакшы черткен башка балдарды карап, көз кырын салып, биз тарапты тиктеген эч ким жок. Намыстандым. Анан ошол күү менен, болжолу 10 күндүн ичинде аккордеонду үйрөндүм. Спорт мектеп менен музыкалык училищенин мугалимдери бар экен, силердин нормаңарды толтуруп берели, анын акысына бизге музыкалык аспапта ойногонду үйрөткүлө деп келишип алдык. Үнүм жакшы эле, ошол жердеги мугалим — обончу Камчыбек Жээнбеков деген агай үйрөттү. Колоттун ичине кирип алып, эч кимге көрсөтпөй 1-2 саат сабак берет. Мактап койсо, жарылып кетчүдөй болом тим эле. Анткен менен баягы татынакай кыздарыбыз үн созуп, аккордеон черткенде бизди караган деңгээлге жеттик.

Жаштарга кеңеш

Жаштарга, өзгөчө медицина кызматкери болом деген айылдаштарыма айтарым бар. Ким медик болом десе, жарандарга, ооруларга чексиз сүйүүңөр болушу керек. Анткени бул башка бир кесип. Оорулуу оозуңдан бир ооз сөз чыкпаса деле, мамилеңди көзүңдөн, маанайыңдан сезет. Кесел адам ооруп жатып өзгөчө сезимтал болуп калат. Андыктан, анын оор ахывалын ичтен сезип, кошо жашасаң, түшүнүүчүлүк менен чын дилден жылуу мамиле кылсаң, айыгууга бир нече кадам таштап берген болосуң. Өлүп бара жаткан адамга, акыркы мүнөттөрүндө жаркылдап, жылуу мамиле жасасаң, аны бери жакка алып келгендей болосуң, көңүлүн көтөрөсүң.

Катымдын соңунда бардык айылдаштарыма дагы бир ирет салам айтып, бакубатчылык, береке, бейпилдик каалайм.

Урматым менен уулуңар, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (63)

Тема боюнча

Көптөр ушунун айынан балалуу боло албай жүрөт. Министр Батыралиев менен маек
Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан
Белгилер:
пахта, тамеки, министр, айылга кат, Талантбек Батыралиев, Сузак району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ