Телерадио жылдызы. Салтанат Саматова тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековРадио жана теле алып баруучу Салтанат Саматованын архивдик сүрөтү
Радио жана теле алып баруучу Салтанат Саматованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанат Саматованы Кыргызстандын эгемен тарыхында музыкалык радиолордун ичинде кыргыз тилдүү ди-джейлеринин көч башы деп айтууга болот. Ал 20 жылдан ашкан чыгармачылык жолунда элге телерадио жылдызы катары таанылды.

Өзгөчө талант ээси туура 46 жыл мурун бүгүнкүдөй жаздын биринчи күнүндө жарык дүйнөгө келген. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Салтанат Саматова тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Магнитофондой ырдаган кыз, мыкты ди-джей. Фрунзе шаарында Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен билим алган. Бала чагында эле ырчы жана алып баруучулукка кызыгуусу күч болгон. "Болгон мультфильмдердеги ырлардын баарын жатка билчүмүн. Узак жолго чыкканда мени магнитофондой күйгүзүп "Салтанат ырда" деп койсо токтобой беш-алты саат болсо деле ырдай берчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө биринчи жолу алып баруучу болгондо аябай уялып башын баштап, аягына чыгарбай качып кеткем. Анан 11-классты бүтүп жатканда акыркы коңгуроодо алып баруучу болгонумда "сенин үнүң, дикцияң жакшы экен" дегендерге көңүл деле бурган эмесмин. Кийин радиого курбум чакырып барып калгам" деп айткан буга чейинки маектеринде.

© Фото / Эржан КадырбековСалтанат Саматованы кыргыз тилдүү музыкалык радиолордун алгачкы ди-джейи деп атоого болот
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматованы кыргыз тилдүү музыкалык радиолордун алгачкы ди-джейи деп атоого болот

Радиодогу тажрыйбасы кыргыз радиосунда өткөн. Кийин 1996-жылы "Европа плюс" радиосуна барып алты жыл иштеген. Аны кыргыз тилдүү музыкалык радиолордун алгачкы ди-джейи деп атоого болот. Колунан Назгүл Жамгырчиева, Арстан Абдыманов, Лилия Абдубаитова, Тынчтыкбек Кожобековдор тарбияланып чыккан.

Алып баруучулардын гильдиясы. Эмгек жолунда бир нече радио, теле долбоорду жана мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чараларды алып баруу менен калың элдин катмарына таанымал. 2012-жылдан тарта КТРКдагы "Акыл ордо" берүүсүн алып барып келген. Долбоордун автору Көкүл Арипова "бул берүүнү баштап жатканда ойлонбой туруп эле Салтанат Саматованы ылайыктуу деп тапканбыз. Анткени ал кыргызча да, орусча да мыкты алып бара алат да" дедеи. Ал эми кесиптеши Эркин Рыскулбеков Салтанат Саматова өлкөнүн мыкты тамадаларынан турган гильдияда 12 алып баруучунун арасында жалгыз айым экенин белгиледи. "Салтанат той алып барып баштаганда Бишкекте "Дасмия" менен "Консул" рестораны гана болгон экен" дейт.

© Фото / Эржан КадырбековӨлкөнүн мыкты тамадаларынан турган гильдияда 12 алып баруучунун арасында жалгыз айым
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн мыкты тамадаларынан турган гильдияда 12 алып баруучунун арасында жалгыз айым

Жигити менен жолугууга тамак ташып барчу… Жолдошу менен достору аркылуу таанышкан. 27 жашында турмуш куруп үч жылдан кийин эне болгон. "Күйөөм токтоо, көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз жигит. Илгери "ммм…ушул жигитти кармаш керек экен" деп телефонун өзүм биринчи сурап чалгам. Бул нерсени кыздарга деле айтып кетет элем. Кыздар, эч качан күтүп отурбагыла, эгер жакшы жигитти көрсөңөр сөзсүз биринчи кадам жасаш керек. Анткени аракет кылбасаң, бакыт эч качан колуңа келип түшпөйт. Бакытты куш сыяктуу кармап алып багыш керек" деп айткан жайы бар. Мындан сырткары, күйөөсү менен сүйлөшүп жүргөн убакта жолугуушга чакырса борщ, манты саяктуу тамактарды жасап барып берчү экен. Жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Атактуу болгонго чейин… Убагында Медицина институтунун морфокорпусунда лаборант болуп иштеген. Ал жерде пол жууп гана тим болбостон, студенттерге көрсөтүү үчүн адам сөөктөрүн да ары-бери ташыганын айтат.

© Фото / Азамат Кылычев Эмгек жолунда бир нече радио, теле долбоорду, той-мааракелерди жана мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чараларды алып баруу менен калың элдин катмарына таанылган
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жолунда бир нече радио, теле долбоорду, той-мааракелерди жана мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чараларды алып баруу менен калың элдин катмарына таанылган

Багынтпаган дарт. Салтанат Саматова рак илдетине чалдыкканын 2011-жылы билген. Бирок шок болуп, чүнчүп кетпей ошол күндөн тартып дартка каршы күрөшө баштаган. "Рак деген сөзсүз өлүм эмес. Мен бул оорудан коркпойм жана күрөшөм. Оорудан айыгуу өзүңө, жеке мамилеңе да көз каранды. Ошон үчүн багынбаш керек" деп айткан маегинде.

Кайрымдуулук менен алектенет. Онкологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помагать легко" коомдук фондусун негиздегендердин бири.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2017-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамын алган
Награждение деятелей культуры президентом Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамын алган

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери. Мындай мамлекеттик сыйлыкка ээ өлкөдө беш-алты гана алып баруучу бар.

Телевидениенин отличниги.

Салтанат Саматова буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болуп маек берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0