20:18 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова маек учурунда

Айгүл Рыскулова бүлөсү, кайын журту жана иши тууралуу. Вице-мэр менен маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
457250

Айгүл Рыскулованы эркектер менен теңтайлаша иштей билген, айтканынан кайтпаган, бир сүйлөгөн адам катары тааныйбыз. Ал эми бул маектен мамлекеттик кызматкерди таптакыр башка жагынан билүүгө болот.

Бул айым балдар, карылар үйлөрүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн күн сайын кабар алат. Азыр анын кайда барары али анык эмес, бирок кайрадан жардамга чыгары турган иш.

— Шаардын эң башкы көйгөйлөрүн атасаңыз?

— Өз ишмердигимдин талабы боюнча калаанын социалдык жактан корголбогон катмарынын жашоо шартын жакшыртуу жана көмөк көрсөтүү менен алекмин. Бишкекте бүтүндөй өлкөнүн социалдык да, экономикалык да маселелери топтолгон. Жаңы конуштардын ашкере жыш жайгашуусунан улам социалдык шарттары жок. Мурда баары – мектеп, оорукана киши санына жараша так эсептелчү, ал эми азыр бул жагынан кыйынчылыктарга тушугуп жатабыз.

Дагы бир көйгөй — балдардан баш тартуу. Дээрлик күн сайын шаардын ар кыл тарабындагы балдар үйлөрү, интернат, балдарды багуучу мекемелерге чыгабыз. Жаңы жылдын алдында кароосуз калган балдар борборуна бардым. Балдарга белек тартуулашыбыз керек эле, аларды куттуктап кайттык.

Залга баш бактым, бир бөбөк жакындап келди… Кичинекей кыз, болжол менен 2,5 жашта окшойт. Бутумдан кучактап мени кое бергиси жок. Жүрөгүм аябай сыздады. Өз ымыркайын таштоого ким даайт – түшүнө албайм, эптеп-септеп оокат кылып да, бирок балдарын эч таштабай турган ондогон үй-бүлөлөрдү билем. Ал эми айрымдар мындай кадамга баруудан артка кайтышпайт. Тилекке каршы, андайлардын саны арбын.

Балдардын кара жумушка тартылышын жоюу да менин милдеттериме кирет. Азыркы тапта шаардын башкы таштанды таштоочу жеринде бул көйгөйдү чечүү боюнча Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте долбоор даярдалууда. "Алтын-Казы" жаңы конушунда ондогон балдар таштанды чогултат. Арзыбаган акча табам деп ден соолугунан ажырап жатышат. Ушундай эле жагдай "Дордой" базарынын тегерегинде да бар. Базарга акыркы ирет барышымда дагы бир төрт жашар наристени кезиктирдим. Апасына жардам берүү үчүн куту топтоп сатат экен.

Вице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айгүл Рыскулова: Бишкекте бүтүндөй өлкөнүн социалдык да, экономикалык да маселелери топтолгон. Жаңы конуштардын ашкере жыш жайгашуусунан улам социалдык шарттары жок

— Аймактардагылар акыры Бишкекке көчүп келет дедиңиз. Жер-жерлерден келген адамдар турмушун жөндөп, бутка туруп кетиши татаал, бир маегиңизде аймактардан келген балдарга насаатчы да болгонуңузду белгилегенсиз.

Менимче, алыскы айылдардан келген кыздарыбыз иш жолун жөнгө салып, жакшы кызматтарда иштөөгө акысы бар. Мектепти бүтүрүү кечесинен кийин эле турмушка чыгып, же туугандарына кол кабыш кылуу ниетинде чет жерге аттанары эч кимге деле жашыруун эмес. Аймактардан келген кыздардын калаа турмушуна ыңгайлашуусу боюнча долбоор менен иштейм. Ал кампаниянын алкагында айылдык кыздарды алып келип, Бишкекти кыдырттык.

Алгач эле сулуулук салондоруна алып бардык. Кыздар ал жакта таанылгыс болуп өзгөрүштү — адепсиз же ыксыз эмес, болгону аларга өзүнө кантип кам көрүү керектигин көрсөтүп, түшүндүрүп беришти. Айрымдары күзгүгө каранганда көздөрүнө жаш алышты.

Кулпуруунун кийинки баскычы – борбор калаа жана анын кооз жайлары менен таанышуу эле. Балдар аябай кубанышты. Көңүл ачарлык жалгыз жай мектеп болгон алыскы айылдан кийин Бишкек алар үчүн мүмкүнчүлүктөргө бай укмуштуудай жер болуп көрүндү.

Соңунда калаа жаштары менен таанышышты. Көңүл ачуу үчүн негизинен шаарда кино жана түнкү клубдар бар, аларга эс алууну да камсыздадык. Кыздар сүйүнүп калышты. Айылдагы он жылга караганда шаардагы үч күн аларга көптү көрсөттү. Бул саякаттан кийин мектеп окуучуларынын ыраазычылыгын көп уктум.

Мындай иш-чаралардын көп болушу кажет менимче. Кандай болгон күндө да муну менен токтоп калгым жок, насаатчылыкты дагы улантууну пландайм.

— Дайым жогорку кызматтарды ээлеп келдиңиз. Акыркы кезде аял башкаруучулар жумушта аларга эркектер кысым көрсөткөн окуяларды баяндашат, сиз мындайга туш болдуңуз беле?

— Башка аял башкаруучуларды айта албайм, бирок мага эч ким эч качан кысым көрсөткөн эмес. Балким бул менин катаал мүнөзүмдөн уламдыр. Эгер мени тандап, иш табышташса, демек, мен аларга өз вазыйпамды гана аткаруу үчүн керекмин.

Кыргыз коомчулугунда азыр аялдар арасында атаандаштык күч деп айта алам. Бул жагдай биздин айымдар эркин билим алып, карьера жасай аларынан кабар берет. Аял үчүн ушу тапта бардык каалгалар ачык.

Вице-мэр Бишкека Айгуль Рыскулова (слева) в молодости
© Фото / из личного архива Айгуль Рыскуловой
Вице-мэр: мага эч ким эч качан кысым көрсөткөн эмес. Балким бул менин катаал мүнөзүмдөн уламдыр

— Эмнеге бизнеске кетип калбадыңыз? Азыр көптөгөн аткаминерлер кызмат менен катар өз ишканаларын да иштетип келишет го…

— Чындыгында мен эч убакта жеке ишкердик менен шугулданбадым. Мамлекеттик кызматтан акыры кетеримди түшүнөм, бирок азырынча жеке ишимди ачууну ойлоно элекмин. Таңдан кечке дейре ишке күч жумшап, дагы бир багытты баштоого убакыт деле жетпейт.

Мамлекеттик кызматкерлердин көбүнүн бизнеси бар, андай аткаминерлерди айыптабайм. Азырынча жолдошум экөөбүздүн тапкан-тергенибиз өзүбүзгө жетет.

— Эгер сыр болбосо маянаңыз канча?

— Айлыгым 16 миң сом, үстөгү менен колума 22 миң 500 сом тиет. Албетте, сый акы да кошулган учурлар болот. Кызматтык унаам бар. Балким жөө жүргөн депутаттардан улам кимдир-бирөөгө бул ашкере байлык сезилер. Мен аткаруу бийлигинин өкүлүмүн, күн сайын иш сапардын көптүгүнөн унаасыз жүрүү мүмкүн эмес.

Вице-мэр города Бишкек Айгуль Рыскулова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рыскулова: Эң татаалы – миграция министри болуп иштеген учурум болду. Ал кез мага абдан татаал болгон, өтүк кийип алып, сөздүн түз маанисинде эле ылай кечип, талаа аралагам. Ошол убакта мигранттардын абалы өтө кейиштүү эле

— Кызматтык тепкичиңиздеги эң оор иш кайсынысы?

— Карьерамдын басымдуу бөлүгүндө жетекчилик кызматтарды аркаладым, көпчүлүккө алар абдан абройлуу кабылданышы ыктымал. Эң татаалы – миграция министри болуп иштеген учурум болду.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ал кез мага абдан татаал болгон, өтүк кийип алып, сөздүн түз маанисинде эле ылай кечип, талаа аралагам. Ошол убакта мигранттардын абалы өтө кейиштүү эле, мекендештерибиздин кызыкчылыгы чет жерде эске алынчу эмес. Казакстанда бир ай жүрүп, миграциялык карта жасап берүү үчүн кыргызстандыктарды издегем. Натыйжада КР жарандарынын эртең күнүнө кепилдик берчү кандайдыр төлөмү болушу үчүн ай сайын акы төлөнүшүнө макулдашууга жетишкенбиз.

Дал ошол маалда КРден көптөгөн адамдар Россияга көчүп кеткен. Ал жактагы иштер да жарандарды издеп, алардын документтерин каттоого сансыз сапарлар менен эсимде калды. Жаңы улутчул кыймылдар күчөп турган чагында Москвада кыргыздар көп өлтүрүлдү. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн скинхеддер менен сүйлөшүүгө чейин бардык. Андай уюмдардын биринин башчысы Дмитрий Демушкин менен жолуктук. Жыйынтыгында жагдай аздыр-көптүр жолго салынды.

— Желеде сиздин бир кезде курьер болуп иштегендигиңиз тууралуу жазылган, өмүр жолуңуздун бул бөлүгүнөн баян этсеңиз.

— Юрист болгум келчү, бирок бул факультетке аскердик кызмат өтөгөн же бул тармакта тажрыйбасы бар кызматкерлер гана кабыл алынчу. Ошондуктан мектепти аяктаганымда – 16 жашымда сотто курьерликти аткаргам.

Вице-мэр Бишкека Айгуль Рыскулова с мужем и сыном
© Фото / из личного архива Айгуль Рыскуловой
Айгүл Рыскулова жолдошу жана уулу менен

— Үй-бүлөңүздөн кеп салсаңыз, кайсы бир убакта үй менен кызмат экөөнүн бирин тандоого аргасыз учуруңуз болду беле? Президенттин кеңешчилигин аркалагансыз, министрликте бир эмес, бир нече ирет кызмат ээлегенсиз, мындай жан тындырбаган ишиңизге үй-бүлөңүз кандай карайт эле?

— Жолдошумду 23 жашка толо элек чагымда кезиктиргем, ал менден 8 жашка улуу. Бизди кайненем тааныштырган, аны менен сотто чогуу иштечүбүз. Бир ирет кечинде ресторанга барууну сунуштады, бизди анын уулу тосуп алды. Баары ошондон башталды.

Өмүрлүк жолдошум мендеги өнүгүүгө умтулууну байкап, мага эч тоскоол болгон жок. Тескерисинче, өсүшүмө көмөк көрсөтүп жүрдү. Бир жыл сүйлөшкөн соң үй-бүлө курууну чечкенбиз.

Ортобузда эч качан үй же кызмат деген маселе коюлган эмес. Уулума төрт жарым ай болгондо жумушка чыктым, перзентимди тарбиялоого күйөөмдүн ата-энеси жардамдашты. Буга эч өкүнбөйм. Биз жаңы муундагы татыктуу адамды тарбиялай алдык деп ойлойм.

Аткаминерлердин балдарын "алтын", иштебеген жаштар катары кабылдоо көнүмүшкө айланган. Менин уулумду ата-энесинин абалына чиренген бирөө деп айтууга болбойт. Ал Лондондо билим алды, Дубайда иштеди, азыр Москвага көчүп барган. "Үй алып ал" деген сунушубузга ал дегеле көнбөйт. Соңку жылдары өзүн өзү багат. Программист, өз ишканасын түптөгөн, ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Атасы экөөбүз анын ийгиликтерине кубанып келебиз.

Тема боюнча

ТЭЦтеги авариядан кийин Ибраимов кызматтан кетүүгө даярбы? Мэрдин жообу
Жол кире 50 пайызга кымбаттайбы? Вице-мэрдин жообу
Белгилер:
үй-бүлө, вице-мэр, министр, Айгүл Рыскулова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ