"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев өз унаасы жок, жумушка маршруткадан түшүп келе жаткан эл өкүлдөрүн көргөндө уялып жатканын айтып, кызматтык унаа менен жардамчыларды кайра берүү сунушун киргизди. Анын мындай пикири желдей тарап, интернет колдонуучулардын катуу сынына кабылды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын оозунан чыккан сөз кызуу талкууга жем таштаган учурларды тизмектөөнү туура көрдү.

Кесиптешине боору ооруп

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич
Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев токтом токуп, депутаттарга иштегенге шарт түзүп, машинасы жокторуна кызматтык унаасын жана жардамчыларды кайтарып бериш керек деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине да тастыктады.

"Эртең менен ишке келе жатсам, автобустан түшүп алып, жөө келе жатышат. Карап калдым да, атаңгөрү деп уялдым. Кээ бирлери такси менен келип жатат. Кээде ары жактан түшүп калып, сүйлөшүп жөө басып кирчүмүн. "Машинебиз жок болсо ушундай болот да, байке" дешет. Ичимден сызып жүрчүмүн. Мага бир нече депутат мурда деле бул маселе боюнча кеткен… Эмнеси болсо да чындыгын айттым", — деп жооп берген депутат.

Жолдошбаевди "балп" этмей жагынын көп кездештирүүгө болот. Ал 2016-жылы сентябрь айында дагы көп аял алууну мыйзамдаштыруу керектигин балп эткен. Аталган кеп айтылары менен заматта айымдардын чабуулуна кабылган. Бирок кайра ал "каңырыш угуп маалымат тараткан" деп журналисттерге күнөө койгон

Садык Шер-Нияздын "даңгыт" сөзү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Садык Шер-Нияз
Депутат Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Депутат Садык Шер-Нияз
Парламенттик отурумдардын биринде морадерчулук маселеси талкууланып жаткан учурда депутат Камчыбек Жолдошбаев "убагында Болот Шерниязов Кара-Кечени тоногон" деген пикирин айткан. Анын мындай кебине Болот Шерниязовдун бир тууганы, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз "Даңгыт болбоо керек" деген каяша жообун берген.

"Элибиз үчүн ким болсок да макулбуз. Бирок өзүң даңгыт болбошуң керек. Көрүнгөн жакта, көрүнгөн партияда жүрбөшүң керек. Даңгыт болбой адам болуу керек. Мен кээ бир кесиптештеримди акыл-эс менен сүйлөөгө чакырам. Урматтуу төрага, сизден дагы бир жолу суранам, көрүнгөндүн далдыраган, келесоо, галдирбаш, көк мээ сөздөрүн тыйыңыз", — деген Садык Шер-Нияз.

Парламенттин бул отурумунан кийин социалдык тармактарда "Даңгыт" сөзү трендге айланып, эки депутат далайдын эсинде калды көрүнөт.

Келесоо болуп каласыңар да…

© Фото / пресс-служба фракции СДПКДепутат Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Депутат Рыскелди Момбеков
Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо маселелери талкууланып жаткан кезде КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков министр Талантбек Батыралиевге "келесоо болуп каласыңар да" деп айткандын эртеси интернетти ачса аны келекеге алган түркүн-түрлүү сөздөрдү окуй алмак. "Момбеков убагында маданият тармагында эмгектенген салабаттуу киши" деп какшык иретинде жазгандардын аягы бир нече күн суюлбай турду. Айтор, бул окуядан кийин далайлар 120 депутаттын ичинен Момбековду абдан жакшы таанып калды көрүнөт.

Мугалимдин айлыгына ишенбей…

© Sputnik / Табылды КадырбековЕдинственная женщина депутат от фракции "Онугуу — Прогресс" Гульшат Асылбаева
Единственная женщина депутат от фракции Онугуу — Прогресс Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
Единственная женщина депутат от фракции "Онугуу — Прогресс" Гульшат Асылбаева
2016-жылдын октябрь айында "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева жарандардын айлык маянасы тууралуу пикир билдире коем деп интернет колдонуучуларынын балээсине калган. Тагыраагы, эл өкүлү Улуттук статистика комитетинин маяна тууралуу маалыматы күмөн жаратарын айтып, "мен биздин мамлекетте кимдир бирөө ушунча аз айлык аларына ишенбейм. 8-9 миң сом деген айлык жок" деген ою менен бөлүшкөн. Анын мындай кебин бир катар интернет басылмалары жазып чыккандан кийин соцтармактын колдонуучулары эл өкүлүн "тепкиге" алышты. Мугалимден тарта пол жууган кызматкерлерге чейин 8 миң эмес, 3-4 миң эптеп таап жатышканын күнү-түнү жазып, депутаттын эсин оодарышты. Кийин эл өкүлү бюджеттик сфераны эмес, бизнес структуралары тууралуу айтканын билдирип чыккан.

Мугалимдин кийимин сындап

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жылдыз Мусабекова
Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жылдыз Мусабекова
Дагы бир КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында мугалимдер мектепке уй сааганы келгендей барбашы керектигин билдирген. Аны уккан жарандардын эл өкүлүнө карата нааразы пикирлери интернетти кара таандай каптады. Айрым мугалимдер ЖМКлар аркылуу "баарыбыз бай эмеспиз, айлыкка жараша кийинебиз" деп депутатка үн катышты. Мындан сырткары, анын журналист менен телефондон өтө орой сүйлөшкөн аудиосу интернетке жарыяланып чуулуу окуялардын бири болуп калган

Автобуска отурганына нааразы

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кожобек Рыспаев
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев дагы өкмөткө болгон ич күптүсүн айта коем деп соцтармактын талоонунда калган жайы бар. "Өзүңөр көрдүңөр, депутаттарды Көчмөндөр оюндарына автобуска салып чурулдатып жеткирип койду. Ал эми өкмөт машина менен кирип жатты, бизди "издеваться" этип. Анда баарына бирдей кылсын, бирдей укук менен барсын", — деди эле, соцтармактын кыргыз тилдүү пайдалануучулары ой-да жазасын беришти окшойт.

Тамакпы же китеппи?

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев
Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев
"Балдарды тамагынан ажыратканы жатат!" Социалдык тармак пайдалануучулары социал-демократ Дастан Бекешевдин демилгесине так ушундай жооп беришти. Эскерте кетсек, эл өкүлү мектептерде ысык тамак берүүнү токтотуп, ага кеткен акчаны китеп сатып алууга жумшоону сунуштаган. Кесиптештеринен айырмаланып, депутат айтканынан танып кетпей, демилге күчүндө турат.

Коомчулукту дүрбөлөңгө ЖКнын буга чейинки чакырылышы да салган. Назарыңыздарда "катуу айтылган" беш демилге.

Атын кантсек?..

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию
Буга чейинки парламенттин көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов өлкө атын өзгөрткөн саясатчы катары тарыхта калгысы келди окшойт. Мамлекетти "Республика Кыргыз" же "Республика Кыргыз Эл" деп атоо сунушун уккандардын көбүнүн чачы тик тура жаздаган.

Дагы эле Рыспаев

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Кожобек Рыспаев
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Кожобек Рыспаев
2013-жылдын 5-мартында болгон ЖК комитетинин жыйынында Кожобек Рыспаев гимн ырдалып жаткан мезгилде колду көкүрөккө албоону демилгелеп чыкты. Сөзү кур болбосун деп, эл өкүлү атайы мыйзам долбоор иштеп чыкты. Өз сунушун депутат айрым айымдар колун көкүрөккө коюудан уялып жатканы менен түшүндүргөн. Бирок бул демилге депутаттын кесиптештери тарабынан колдоо тапкан эмес.

Мындан сыткары, ал эмнеге парламентарийлер жумушка велосипед менен келбейт деген суроого "эгер депутаттар жумушка велосипед менен каттаса, аны кимдир бирөө башка чабышы мүмкүн. Биздин маңдайыбызда депутат экенибиз жазылып турган жок да" деп элдин жакасын карматкан.

Ишенебиз…

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жапаров Акылбек Усенбекович
Депутат Жапаров Акылбек Усенбекович - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жапаров Акылбек Усенбекович
2011-жылы "Ар-Намыс" партиясынан депутат болуп келген Акылбек Жапаров парламенттин имаратына "Биз Кудайга ишенебиз" деген жазууну илип коюуну сунуштаган. Эл өкүлү буга америкалык конгресстин имаратында жазылып турган "In God we trust" тактасын мисал келтирген. Жапаровдун демилгеси тууралуу керек болсо чет элдик басылмалар да жазып чыккан жайы бар.

Социал-демократ Данияр Тербишалиев андан көрө "Биз эл үчүн иштейбиз" деп жазуу керектигин билдирген. Ал эми дагы бир эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу парламенттик трибунага адамдын калпын кармай турган детектор орнотууну сунуштаган. Натыйжада бир да сунуш колдоо таппай, авторлорду соцтармактын пайдалануучулары бир топ сынга алган.

Шиш така, жарашпайт экен кыштакка

Портфель - Sputnik Кыргызстан
"Көчмөн" аткаминерлер. Эзели ээрден түшпөгөн чиновниктердин тизмеси
Парламентте кийинип жүрүү маселеси бир топтон бери көтөрүлүп келет, бирок эң эле таасирдүүсү "Ата-Журт" фракциясынан депутат Курмантай Абдиевдики болду окшойт. 2012-жылдын күз айларында ЖК аппаратында иштеген кыз-келиндер атырды абайлап пайдалануусу керектигин айткан. Муну менен бирге эл өкүлү айымдардын бут кийимине да нааразычылыгын билдирген. "Такасы ат басып бараткандай такылдайт. Баары ишин токтотуп, ошону карап калып жатышат" деген депутат. Абдиевдин айтымында, аппаратта иштеген кыз-келиндердин такасы 10 сантиметрден ашпашы керек. Бирок бул демилге ишке ашпай, соцтармакта депутаттын дарегине бир топ терс маанайдагы пикирлер айтылган.

Эстеликке эстеп жүрөйүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
2011-жылы КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбеков командировкага барган депутаттардын сувенир алуусуна акча берүү сунушун киргизген. Турсунбеков фракция 2 миллион сом үнөмдөп калганын, эмне үчүн ошол каражатты жеке максатта колдонууга болбостугун айтып чыккан.

Албетте аталган билдирүү да талкууга алынып, Турсунбековдун эки бетин кызарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0