Айыпталуучу сотто Темир Жумакадыров көз жумган кырсыктын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Азамат АралбаевГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотто жүк ташуучу автоунаанын ичиндеги жаракат алган киши жана президенттин иш башкармалыгынын өкүлү да сөз сүйлөдү

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Афтандил Таалайбек уулу биринчи сот отурумунда эле күнөөсүн моюнга алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

© Sputnik / Нурис АлымбаевВице-премьерТемир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Афтандил Таалайбек уулу биринчи сот отурумунда эле күнөөсүн моюнга алды
Вице-премьерТемир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Афтандил Таалайбек уулу биринчи сот отурумунда эле күнөөсүн моюнга алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Вице-премьерТемир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Афтандил Таалайбек уулу биринчи сот отурумунда эле күнөөсүн моюнга алды
© Sputnik / Нурис АлымбаевАйыпталуучунун айтымында, ал "Е" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү жол кырсыгы болгонго чейин төрт ай мурда алган.
Айыпталуучунун айтымында, ал Е категориясындагы айдоочулук күбөлүктү жол кырсыгы болгонго чейин төрт ай мурда алган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Айыпталуучунун айтымында, ал "Е" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү жол кырсыгы болгонго чейин төрт ай мурда алган.
1/2
Вице-премьерТемир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Афтандил Таалайбек уулу биринчи сот отурумунда эле күнөөсүн моюнга алды
2/2
Айыпталуучунун айтымында, ал "Е" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү жол кырсыгы болгонго чейин төрт ай мурда алган.

Иш Москва райондук сотунда каралды. Буга чейин ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы ишти иликтеп, материалдарды 8-январда сотко өткөрүп берген болчу.

Айыпталуучунун айтымында, ал "Е" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү жол кырсыгы болгонго чейин төрт ай мурда алган.

"Ошол күнү эртең менен байкем болуп Бишкекке чыкканбыз. Жолдон "Жигулини" ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыккам. Алыстан жолтандабас келе жатканын көрдүм. Ага фараны бир нече жолу күйгүздүм, бирок кеч болуп калды. Четке чыгууга аракет кылганда ал дагы ошол жакты көздөй айдады. Ошентип жол кырсыгына кабылдык", — деди Таалайбек уулу.

Окуянын күбөсү катары айыпталуучунун тууганы Бекназар Шаршембиев дагы суралды. Жол кырсыгы болгон учурда ал КамАЗдын ичинде болгон.

"Жолдо уктап калыпмын. Кырсык болгондон кийин бутум кабинага кыпчылып калыптыр. Ооруканага алып кетишти", — деди Шаршембиев.

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
Өкмөт аппаратынын юристи жол кырсыгы мамлекетке 2 миллион 127 миң сом (кырсыктаган жолтандабастын баасы) чыгым алып келгенин айтты.

Тараптарды уккан сот кийинки отурум 30-январда болорун билдирди.

Вице-премьердин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча ишти судья Нурлан Ажыбеков карап жатат.

Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Ал кырсыктан вице-премьердин жардамчысы жана айдоочусу да каза тапкан.

Кийин Жумакадыров бара жаткан жолтандабас менен сүзүшкөн КамАЗ унаасынын айдоочусу камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0