БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Москва райондук соту вице-премьер Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгы боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.
ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы 8-январда ишти сотко өткөрүп берген. Аны сот Нурлан Ажыбеков карап жатат. Айыпталуучу 26 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу күнөөлүү экенин мойнуна алган.
Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Ал кырсыктан вице-премьердин жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан.
Кийин Жумакадыров бара жаткан жолтандабас менен сүзүшкөн КамАЗ унаасынын айдоочусу камакка алынган.