Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча ашказандын рагы, башкача айтканда залалдуу шишик оорусу менен катталгандардын саны 2017-жылдын эсеби менен 1600дөй адамды түзөт. Жыл сайын 700дөй оорулуу катталып турат.

Аталган дарттын келип чыгышы жана анын алдын алуу боюнча Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеков айтып берди.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаУлуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеков
Врач-онколог отделения абдоминальной и общей онкологии Суйутбек Доолотбеков  - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеков

Туура эмес тамактануу — оорунун негизги себептеринин бири

Ашказандын рагы бул — залалдуу шишик. Дарыгердин айтымында, оорунун бир нече себептери бар. Алсак, хеликобактер пилори бактериясы. Бул бактериянын түрү ашказандын былжырын жабыркатып, акырындап жүрүп гастритке, андан ары жарага алып келет. Куурулган, маринаддалган, туздалган, ышталган, майлуу, ачуу азыктарды өтө көп колдонуу ашказанды жабыркатат. Андан сырткары, тамактануу режиминин бузулушу, химиялык кошулмасы бар тамак-аштар, алкоголдук ичимдиктер, радиациянын таасири дагы ашказандын рак оорусуна алып келет. Анан да бул дарт тукум куучулук касиетке ээ.

Ашказан рагына кабылгандар этти көргүсү келбей калат

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
Оорунун алгачкы белгилерине адамдын тамакка болгон табитинин жоголушу кирет. Бейтап этти, балыкты көргүсү келбей калат. Тамак жегенден кийин ашказандын оордугу сезилет да, кускусу келет. Ичкен тамагын куса баштайт же кан аралаш кусат, заӊына да кан аралашат. Ашказан шишиги менен жабыркаган адамдын алы кетет, бат чарчайт, жумушка болгон активдүүлүгү начарлайт, арыктайт.

Оорунун өнүгүү этаптары

Илдет өрчүшүнө жараша төрт баскычтан турат. Анын 1-2-стадиясы баштапкы болуп эсептелет. Эгер оорулуулар ушул учурда кайрылса, толук дарылап айыктырууга болот. Натыйжасы жакшы болот. Үчүнчү стадиясында дарылоо татаалдашып ар кандай кыйнчылыктарды жаратат, бирок сакайтууга мүмкүнчүлүк бар. Акыркы стадиясында дарт өтүшүп, башка органдарга чейин таркап кеткендиктен дарылоо оор болуп калат.

Дарылоо жолдору

Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы дарыгер Алибеков: мигранттардын көбү тишинен жабыркайт
Ашказан рагы гастроскопия аппараты аркылуу аныкталат. Оорулуу аппаратты жуткан соң, ашказанды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары, рентгенге тартуу, гистологиялык изилдөө аркылуу да аныктаса болот.

Ашказан рагын операция жолу менен дарылоого мүмкүн. Алгач бейтаптын операцияны көтөрөр-көтөрө албасы, шишиктин башка органдарга тарап-таркабаганы аныкталат. Дарт өтүшүп кетпесе, анда операция жасалат. Операция жасоодо кээде ашказандын жарымынан көбү же ашказан толугу менен алынат. Бул учурда кызыл өӊгөч ичке ичеги менен туташтырылат. Эгер ашказандагы шишик жанындагы органдарга өтүшүп кеткен болсо, коңшу жайгашкан органдарды да алууга туура келет.

Операциядан тышкары оорулуу химиотерапия жолу менен дарыланат жана иммунитетти көтөрүүчү дарыларды алат. Аталган дарт менен ооругандардын баарына режимди сактап, мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Ооруканадан дарыланып чыккандан кийин убак-убагы менен келип текшерилип турушу керек.

Ашказан рагы менен кимдер көп ооруйт?

Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
Маалыматка ылайык, ашказан оорусу менен аялдарга салыштырмалуу эркектер көбүрөөк ооруйт. Буга эркектердин тамактануусундагы өзгөчөлүк жана алкоголдук ичимдиктерди көп колдонгондугу себеп.

Өлкө боюнча ашказандын рагы, башкача айтканда, залалдуу шишик оорусу менен катталгандардын саны 2017-жылдын эсеби менен 1600дөй адамды түзөт. Жыл сайын 700дөй адам катталып турат.

Республика боюнча ашказан оорусунун залалдуу шишиги рак ооруларынын ичинен үчүнчү орунда турат. Алдыңкы эки орунда эмчек рагы менен жатын моюнчасынын рагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0