БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча негизги шектелүүчү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"27-декабрь күнү түнү Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну Э.О. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын жанынан номери өчүрүлгөн "Макаров" куралы жана 17 ок табылды. Шектелүүчү сурак берип жатат", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Эске салсак, Улан Саяновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен.
Анын өмүрүнө кол салгандар окуя болгон жерден из жашырып кеткени айтылган.