00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Калпак кийип модага чыккан ит боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берди

Жазылуу
Интернетке тараган калпакчан иттин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын кызыл чеке түшүрдү. Жаныбардын сүрөтү Бишкекте өткөн Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы маалым болду.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Социалдык тармакка калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтү интернет колдонуучуларын дүрбөлөңгө салды. Алар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушууда. 

Айрымдар иш-чаранын уюштуруучулары элден кечирим сурашы керек десе, дагы бири мамлекеттин символикалары туу, герб жана гимн сыяктуу эле калпак дагы мыйзам менен корголуп, аны итке кийгизгендер жазаланышы керектигин жазып чыгышты. 

Ызы-чуу жараткан бул көрүнүш боюнча сынактын уюштуруучуларынын бири болгон Bishkek Park соода борборунун маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди. 

Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" коньягы менен арагы. Бул ысым дагы эмнелерге колдонулат
“Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсү 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда өткөн. Мода көргөзмөгө 17 ит катышып ар түрдүү жаңы жылдык формалар менен чыгышкан. Натыйжада биринчи орунду моряк образындагы “Хаски” породасындагы ит алса, экинчини “Кара Жорго” деп аталган улуттук форма менен чыккан “Япон акитасы” тукумундагы ит ээледи. Ал эми Россиянын мурунку аскер кызматкерлеринин (Гусары) образын жараткан “Кламбер-спаниель” породасындагы итке үчүнчү орун ыйгарылды”, — деп маалымат кызматынан билдиришти. 

Ал эми Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аталган соода борбордун маркетинг жана PR менеджери Батма Казакбаева менен байланышканда, ал элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды. 

“Ар бир катышуучу жаныбарына өзү каалагандай костюм тигип кийгизген. Бул кыздын дарегине туура эмес сөздөрдү айтууну токтотууну суранабыз. Анын эч кандай жаман ою жок болчу. Тескерсинче иттин ээси өзү кыргыз шөкүлөсүн кийип чыгып, кыргызча сүйлөп “кара жорго” бийин бийлеген. Туура кабыл алууңуздарды өтүнүү менен кечирим сурайбыз!” — деди Казакбаева. 

Ал ошондой эле мындай өтүнүчүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына дагы жарыялады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0