Жалал-Абадда итти аткан балага кылмыш иши козголду

Жазылуу
Буга чейин 21 жаштагы Арген Шерматов өз үйүнүн короосунда итти атып өлтүргөнүн видеого тартып Instagram баракчасына жүктөгөн

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда курал менен итин атып өлтүргөн уланга карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 21 жаштагы Арген Шерматов өз үйүнүн короосунда итти атып өлтүргөнүн видеого тартып Instagram баракчасына жүктөгөн. Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жараткан. Шерматов менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышканда ит адамдарга тиш салып жана илдетке кабылгандыктан атканын кабарлаган. 

"Бул факты боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү иштерин жүргүздү. Анын натыйжасында видео сентябрь айында Сузакта тартылганы белгилүү болду. Ал "Алабай" тукумундагы өзүнүн ити адамдарды тиштеп, коңшулардын тоокторун жеп,  андан сырткары оорулуу иттердей белгилер байкалгандыктан өлтүргөнүн билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси (Жаныбарларга мыкаачылык мамиле жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Курал баланын атаасына таандык болгону менен текшере келгенде, куралды сактоого берилген уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0