Ар бир сегизинчи кыргызстандык дүйнөнү Instagram менен тааныйт: кызыктуу 9 факты

© SputnikМобильная версия сайта для пользователей информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан
Мобильная версия сайта для пользователей информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурмандардин ишениме Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Euronews, Azattyk жана Zanoza ЖМКларын озуп өтүп, ээ болгон.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар маалымат жаатында кандай экендигин "Институт Медиа Полиси" билип көргөн. Өлкө боюнча 1200 адам сурамжылоого катышкан. Sputnik Кыргызстан бул отчеттун ичинен кызыктуу деген 9 фактыны окурмандарына сунуштайт.

1. Сурамжылоого катышкан 13 адамдын бирөө гана интернеттен окуган маалыматын башка булактардан текшерип окуйт экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды
2. Ар бир үчүнчү адам маалыматты WhatsApp каналынан алары белгилүү болду.

3. Интеренттин эң активдүү колдонгондор — Оштун жашоочулары болуп чыкты. Сурамжылоого алынгандардын 52 пайызы интернетке чыккан кайсы бир социалдык-саясий маалыматка өзүнүн пикирин жазып, оюн айткан. Ал эми кийинки орунда Бишкек шаары менен Чүй аймагынын жашоочулары болгон.

4. Сегиз кишинин бирөө болуп жаткан окуялар туурасында Instagram баракчасынан билет. Ал эми ар бир 13-жаран Facebook социалдык тармагынан маалымат алат.

5. Сурамжылоого катышкандардын 80 пайызы акыркы үч айда саясий маанидеги окуяга элдин көңүлүн буруу үчүн социалдык тармакта эч нерсе кылган эмес.

6. Долбоорго катышкандардын жарымынан көбүрөөгү (52 пайызы) бир эле окуяны ар кыл маалымат каражаттары ар башка чагылдырарын айтышкан.

7. Ар бир жетинчи киши маалыматты окуп жатып, "туура эмес жазып койгон жокпу" деп күмөнсүйт экен.

8. Сурамжылоонун катышуучуларынын 55 пайызы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына, өзгөчө телеканаалга ишенерин айтышкан.

9. Окурмандардин ишениме Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Euronews, Azattyk жана Zanoza ЖМКларын озуп өтүп, ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0