Сырттагы адамга оңой көрүнгөнү менен кылдат эмгекти, тактыкты жана сулуулукту талап кылган дикторлук кесип тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аина Исакова маек курду.
— Баары диктор боло албайт. Бул кесиптин оор экенин теле тармагында иштеп жүрүп көрүп калдым. Сиз кандайча бул кесипти аркалап калдыңыз?
— Негизи кесибиңиз боюнча журналист эмессизби?
— Жогорку эки билимим бар. Биринчисин Ош мамлекеттик университетинен алып, дүйнөлүк тилдер факультетин бүтүрдүм. Андан соң президенттин алдындагы башкаруу академиясында бизнес жана башкаруу факультетинде магистр жагын аяктадым.
— Алган билимиңиз менен иштедиңизби?
— Бир жылдай котормочу болуп эмгектендим. Андан соң башка тармакта иштеп жүрүп, телевидениеге келип калдым. Ал эми азыр ЭлТР телеканалында эл аралык бөлүмүнүн башчысымын. Чет өлкөдөн коноктор келип калганда англис тилинде сүйлөшөм.
— Бизнес жана башкаруу факультети, котормочулук булар деле жөнөкөй кесип эмес, эмнеге телени тандап алдыңыз?
— Теледе иштейм деп негизи кичине кезимде эле кыялданчумун. Күзгүнүн алдына туруп алып ар кандай программаларды окуй берчүмүн. Бул тармак эмнеси менен жагаарын конкреттүү айта албайм. Анын аурасы башкача, аны сезиш үчүн адам камера алдына туруп, эфирге чыгып сезиш зарыл. Анан бул жакта жай отуруп эмес, оперативдүү бат-баттан иштөө керек. Мындай темп мага жагат.
— Дикторлорду "даяр тексти окуп коет" жумушу жеңил эле дегендер да жок эмес. Сиз буга кошуласызбы?
— Кандай адам диктор боло алат, бул кесипти аркалагысы келген жаштарга кеңешиңиз?
— Биринчиден дикция, өң-келбет, макияж мунун баары диктордо идеалдуу болгон жакшы. Анан камера да сени жакшы көрүш керек. Мисалы, айрым адамдар мындай жашоодо сулуу бирок камера алдында башкача көрүнүп калат же тескерисинче жашоодо анча деле эмес адамдар камера алдына койкоюп калат.
— Журналистика аял киши үчүн аябай оор кесип эмеспи. Жумушуңуз үй-бүлөгө таасирин тийгизбейби?
— Башкаларга кандай билбейм, мага жеңил эле. Бизде дикторлор бир күн кечке иштейт. Бир жума иштеп, бир жума бош андыктан мага үй-бүлөмө көңүл бурганга убактым бар.
— Кошумча каражат булагы барбы же дикторлорго жакшы эле төлөнөбү?
— Эми укмуш көп төлөнөт деп айта албайм. Иштеген акыбызды алабыз. Бирок кошумча жумушта иштебейбиз. Себеби сен бир каналдын жүзү болсоң эмгек келишимде башка жумушта иштегенге болбойт деп жазылган.
— Кабарчы болуп сюжет да жасайсызбы?
— Ушул кабарчылык кесип меники эмес экен. Ушунча жыл диктор болуп иштедим, анан 2014-жылы АКШга барып атайын репортаж жасап келгенден кийин ар бири колунан келген нерсени жасаган жакшы экен деп калдым. Репортаж жакшы болгон, бирок баары бир бул меники эмес экенин түшүндүм.
— Өзүм Бишкек шаарында туулгам, бирок Ош шаарында чоңойгом. Атам көп жыл милиция кызматкери болуп иштеп, милициянын полковниги болгон. Апам Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенди. Турмушка чыккам. Бирок жашоо деген ар кандай экен ажырашып кеткенбиз. Ортобузда татынакай алты жаштагы кызым бар. Өзүм ЭлТРде 5 жылдан бери эмгектенип келе жатам.
— Жалгыз бой бала өстүрүү кыйын болсо керек?
— Эми жашоодо кыйынчылык болбой койбойт экен. Жакшы да, оор да күндөр өттү. Ага карабастан баарын жеңип келе жатам. Анткени жанымда ата-энем, бир туугандарым бар.
— "Эл эмне дейт" деген сөзгө канчалык маани бересиз?
— Балким, 7-8 жыл мурда бул сөзгө аябай маани бермекмин. Азыр эл дей берет, бул менин жашоом деген принципти колдоном. Себеби мен 18 же 19 жаштагы секелек кыз эмесмин. Өзүмө ишенген, жооп берген адаммын. "Эл эмне дейт" деп жүрсөң жашоо болбой калбайбы. Кезеги келген жерден, жооп берчү учурда унчукпай калбайм.
— Фигураңызды сактап, бетиңизге бырыш түшүрбөш үчүн ботокс кылдырып же фитнеске барасызбы?
— Көбү фитнес, анан машыгуу залдарына барышат. Мен эч кайда барып, диетага деле отурбайм. Ата-энем арык эле адамдар, ошолорду тартсам керек. Мурда спорт менен алектенип каратэге, мектепте окуганда бийге барчумун. Болгону туура жана пайдалуу тамактанганга аракет кылам.
— Эми силер эл көзүндөгү адамдарсыздар да, тийишкен адамдар көп болсо керек?
— Андай учур болбой койбойт, сөзсүз болот экен. Бирок аларды дароо кагып-силкпей баарын түшүндүрүп айтабыз.
— Экинчи аял алуу маселесине кандай карайсыз?
— Бул суроого бир тараптуу жооп бериш кыйын. Бирок статистика боюнча алсак, бизде эркектер аз да. Экинчи аял алган туура эмес деген күндө да бала жытын жыттагысы келген аялдарды да ойлош керек. Ал үчүн ошол аял алгач экинчи аял болууга моралдык жактан даяр болуп, экинчи аял болсо күйөөсүнүн дагы бир үй-бүлөсү бар экенин ойлош керек. Балким, бирөөгө бул нерсе жат көрүнсө, айрымдарына нормалдуу көрүнүш.
— Өзүңүзгө ушуну менен турмушка чыкпайм деген чекит койгон эмес белеңиз?
— Мырзалардан кандай сапаттарды баалайсыз?
— Биринчиден, эркек киши сөзүнө туруш керек. Акылдуу ыймандуу, күчтүү эркектерди баалайм. Анан эркектер калкы аял кишини да жакшы түшүнө билсе дейт элем. Азыркы кээ бир эркектерди карасаң, аял менен тең жарышып айтышат, четте жаман эле көрүнөт.
— Сиз өзүңүздү сулуу деп эсептейсизби?
— (күлүп) Кудайыма жана ата-энеме ушундай кылып жаратканына ыраазымын.
— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай элестетесиз?
— Теле тармагынан кетейин деген оюм жок. Бирок жашоого өзгөрүүлөр кирип туруш керек экен. Көптөн бери кызыккан тармагым бар. Бул — саясат. Беш жыл аралыгында өзүмдү ушул тармактан көрөм жана аракет кылам. Негизи бардык нерсени убакыт көрсөтөт, болгону кыялданып анан сөзсүз максат коюп жашоо керек.