Депутат: Бишкекте окуучунун жоголуусуна мектептеги коррупция себеп болгон

© Sputnik / Владимир ПесняДень учителя в школе села Сенное в Брянской области
День учителя в школе села Сенное в Брянской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектепте чогулган каражат айына 100 сомдон ашпашы керектиги жана жакыр үй-бүлөнүн балдарына акысыз билим берүү мыйзамда көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы дайынсыз жоголуп кетип үч күндөн кийин табылган окуучу билим алган №32 мектеп коррупцияга малынган. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Тазабек Икрамов

Анын айтмында, мектептерди тез арада текшерип чыгуу керек. Эл өкүлү мектепте чогултулган каражат айына 100 сомдон ашпашы керектиги жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына акысыз билим берүү мыйзамда көрсөтүлгөнүн белгиледи.

"Баш мыйзамда мектепте окуу акысыз экени жазылганы менен иш жүзүндө башкача болуп жатат. Бишкектеги №32 мектептин окуучусу дайынсыз кетип, үч күндөн кийин табылган. Ал мектеп директору менен класс жетекчиси акча алып келбейсиң деп басынтканын айткан. Мектеп жамаатына доо коюудан алысмын, бирок акча чогултуу чектен ашып жатат", — деди Икрамов.

Үч күн жоголуп кеткен окуучу: мугалимдер классташтарымдын көзүнчө уят кылышты - Sputnik Кыргызстан
Үч күн жоголуп кеткен окуучу: мугалимдер классташтарымдын көзүнчө уят кылышты
Белгилей кетсек, №32 мектептин 9-классынын окуучу Шамшарбек 26-октябрда саат 18.00дө мугалимдердин чогулушуна катышып чыккандан кийин кабарын билдирбей кеткен. Эки күн борбордук мечитте түнөп, үчүнчү күнү өзү жашаган аймактагы химиялык ишкананын чатырында жатканда табышкан. Ал класс жетекчиси менен директору окуучулардын алдында аны акча алып келбейсиң деп басынта бергендиктен ызааланып ушундай кадамга барганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0