20:48 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Аидина Джумалиева

"Элес" тобунун экс-музыканты Айдин Жумалиев көз жумду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Музыкант Айдин Жумалиевдин өмүрүн сактап калуу аракети (6)
47510

Айдин Жумалиевге боор рагы деген диагноз коюлганы коомчулукка август айында белгилүү болгон

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Элес" тобунун мурдагы музыканты Айдин Жумалиев дүйнө салгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, Жумалиев 3-ноябрь күнү көз жумду.

"Айдиндин уулу менен байланышканымда атасы эртең мененки саат жетиде көз жумганын айтты. Мен аны ооруканада жатканда барып көргөм, абалы абдан оорлоп калыптыр болчу. Бирок жүзүндө жылмаюу бар эле. Бул анын эрки күчтүүлүгүнөн кабар берет", — деди Молдокматова.

Жумалиев "Элес" тобу жаңы түзүлгөндөн тарта анда музыкант катары эмгектенген. Топ 1985-жылы түзүлүп, 2002-жылга чейин күйөрмандарына өз өнөрүн тартуулаган.

Эске салсак, Айдин Жумалиевге боор рагы деген диагноз коюлганы август айында белгилүү болгон.

Түркияда даарыланган музыканттын операциясына кетчү каражат кайрымдуулук жолу менен чогултулуп, ага өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кол кабыш кылган. Ошондой эле Жумалиевдин сахналаштары дагы концерт уюштурушкан.

Тема:
Музыкант Айдин Жумалиевдин өмүрүн сактап калуу аракети (6)

Тема боюнча

Музыкант Айдин Жумалиевге арналган концерттен бир миллион сом чогулду
Атамбаев ажал менен кармашып жаткан Айдин Жумалиевге 500 миң сом бөлдү
Белгилер:
өлүм, оору, Айдин Жумалиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ