Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин бир катар министрликтердин маалымат бөлүмдөрүндө жана теледе иштеген. Курулуш компаниясын жетектеген.
Бүгүн ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, бала чагы, кызматтык тепкичтеги өсүшү жана үй-бүлөсү тууралуу маек куруп берди.
— Чыңгыз, биздин сайтыбызга жарыяланган өмүр баяныңызды окуп, бир аз таң калдым. Айрым жерлерде 3-4 гана айдан иштептирсиз. "Дарак бир жерден көгөрөт" деген сөзгө каршы жашагыңыз келген окшойт…
— Чынын айтсам, кээде жаңы жумушка кирерде резюмемди көрсөткөндөн уялам. Кабыл алгандар дагы сөзсүз сурашат бул эмне деген шумдук деп (күлүп). Азыр ойлоп көрсөк анда жашыраак кезим, өзүмдү издеп жүрсөм керек. Анүстүнө иштегенимди жактырышабы, айтор, ар кайсы жумушка көп чакырышат. Бирок акыркы жылдары туруктуулукка умтулуп калдым.
— Буга чейин бир катар министрликтерде иштеп, курулуш компаниясын жетектедиңиз. Кыргызстанда жакшы жумушка орношуу үчүн сөзсүз тааныш-билиш керекпи?
— Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мени ар тараптан Кудай колдоп келатат. Анткени атасыз чоңойгон баламын, ал киши мен 1-класста окуп жүргөндө өтүп кеткен. Мени апам менен төрт эжем тарбиялашты. Кийин жашоо-шартка байланыштуу Россияга кетип, 10-11-классты ошол жактан окудум. Андан соң ал жакта базарда иштеп, поезд менен товар ташып жүрдүм. Кантип оокат кылып, жан багыш керектигин ошол жактан үйрөндүм окшойт.
Ал эми карьералык өсүш боюнча айтсам, бардыгына эмгек аркылуу жеттим деп айта алам. Анан, албетте, адам менен тил табыша билүү керек. Мага бул сапат апамдан өтсө керек. Апам өзү абдан шайыр, ачык-айрым адам. Бирөөлөр менен жакшы мамиле куруп кетүүгө абдан жөндөмдүү. Ортомчу болуп, жардам берип, анан кайра ошолордун азабын чегип жүрө берет. Меники дагы ошондой.
— Россияда соода кылып жүргөн бала кандайча Кыргызстанда журналистикага аралашып калды?
— Россиядан келгенден кийин эжем экөөбүз Нарындагы үйүбүздө сүйлөшүп отурсак, ал "радиого ди-джей керек экен, сенин үнүң жакшы го, барып көр" деп сунуштады. Мен радио, ди-джейлик жөнүндө эч түшүнүгүм жок болсо дагы кастиннге барып, 70тен ашуун кишинин ичинен бешөөбүз өтүп кеттик. Кийин Бишкекке КТРКнын "Ала-Тоо" программасына келдим. Андан соң Тышкы иштер жана Транспорт министрликтеринин маалымат бөлүмдөрүндө иштедим. Баса, бизнеске дагы аралашып көрдүм. Өкмөткө келгенге чейин үч жыл курулуш компаниясында өнөктөш катары иштеп, ишкананы жетектеп бердим.
— Өкмөткө маалымат катчы болгондо апаңыз катуу сыймыктанса керек?
— Ушул суроого бир аз артка кайрылып жооп берейин. Мага мурдагы премьер-министр Сооронбай Шариповичтин маалымат катчысы болуп бер деп сунуш түшкөндө жооп берээрден мурда көпкө ойлонуп жүрдүм. Анүстүнө агезде мен курулуш компаниясын жетектеп жүргөм. Ошондо апамдын бир эле сөзү мага акыркы чекит койгонго түрткү болду. Ал "балам, кенедей компаниянын кызыкчылыгына караганда мамлекенттин кызыкчылыгы маанилүү" деп айтты. Ошентип өкмөткө иштеп калдым.
— Акыркы айларда өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнө жаштар кызматка келишти. Жаштыктын деми ичинен сезилип жатабы?
— Албетте, ар бир жаштын өз демилгеси, жаңыча көз карашы бар. Мунун баары сөз жок ишке пайдалуу. Бирок бул жакта бардык иш калыптанып калган. Өз ишин билген адистер мурдагыдай эле шаң менен иштеп жатышат. Айта кетчү нерсе, өкмөткө Сапар Жумакадырович келгенде дароо эле "мен бардыгына ачыкмын, эл менен дайыма байланышта болушубуз керек" деп талап койгон. Азыр кандай суроо жана кайрылуу болбосун, колдон келишинче ыкчам жооп берүү ыкмасы калыптанып калды. Бул үчүн өкмөттүн ичинде жаңы бөлүм ачылды. Ага ар кайсы министрликтердин өкүлдөрү кирди. Элден, ЖМКлардан кандай гана суроо түшпөсүн дароо карап, тез жооп беришет.
— Андай болсо жакшы, албетте, бул өз жемишин берет деп үмүттөнө туралы. Бирок айрым министрликтердин маалымат кызматтарынын иши айрым учурда көңүл жылытпайт. Мисалы, кайсы бир суроо менен кат жиберсең, бир нече жума өткөндөн кийин "бул биздин компетенциябызга кирбеген суроо" деп жооп кайтарышат…
— Мен журналисттерди эң сонун түшүнөм. Бирок министрликтердеги басма сөз кызматкерлеринин айлыгы абдан төмөн. Кээ бир жерлерде бирден гана маалымат катчы иштейт. Бирок министрликтин кызматкерлери алардан көп нерсени талап кылышат. Биринчиден, алар жөн гана жетишпейт. Экинчиден, аз айлыкка жанталашып иштөөгө кызыкпайт. Ошол себептүү министрликтер, ведомстволор өздөрүнүн маалымат катчыларына болгон мамилесин өзгөртүп, айлыгын көтөрүп, материалдык базасын чыңдап бергенден кийин бул маселе чечилет деп ойлойм.
— Сөзүбүздүн аягында жеке өзүңүзгө тиешелүү нерселерге токтолсок. Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби?
— Келинчегим Гүлшан Кулматова менен теледе иштеп жүргөндө таанышкам. Ал Жалал-Абаддын кызы. Азыр эки кызыбыз бар, ошолорду тарбиялап үйдө. Апам кесиби боюнча мугалим, төрт эжем жана эгизим бар. Эгизимдин аты — Кундуз. Үй-бүлөлүү, эки баланын апасы. Учурда Нарын шаарында жашап, сот системасында иштейт. Айырмабыз 15 мүнөт. Ал менден кийин төрөлгөндүктөн, карындашым деп тамашалап коем. Экөөбүз эки башкачабыз. Мен боюм кичине, көзүм бүтүк, кара тору бала болсом, ал тескерисинче, ак жуумал, узун бойлуу кыз.