Абдыгулов: беш күн ичинде чек арадагы абал боюнча жол карта иштелип чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз делегациясынын жарымы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн калды

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Чек ара маселеси боюнча Казакстанга барган кыргыз делегациясынын жарымы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астана шаарында калган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү
Абдыгулов ошондой эле аталган иш сапардын алкагында биринчи вице-премьерлер башында турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамына профилдик министрликтер менен ведомстволор кирген.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков башында турган кыргыз делегациясы 18-октябрда Казакстанга жумушчу сапары менен барган. Анын жыйынтыгында чек арадагы абалды жеңилдетүү боюнча бир катар келишимдерге жетишилген. Ага ылайык, 19-октябрда саат 00:00дөн тарта казак-кыргыз чек арасынан жөнөкөй адамдардын, жеңил автоунаалардын, бош ири унаалардын ары-бери эркин катташы биринчи орунга коюлган.

"Беш күндүн ичинде кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кийинки кадамдардын протоколу иштелип чыгып, ал макулдашылышы керек. Андыктан беш күн ичинде биз чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча жол картасын көрсөтө алабыз", — деди Абдыгулов.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу, жарандар менен жүргүнчү ташыган транспорт жана жеңил автоунаалар тоскоолдуксуз өтүп жатканы өкмөт тараткан билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0