Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛивень во Владивостоке
Ливень во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС - Sputnik Кыргызстан
Дем алышта күн суук тартып, тоолорго кар жаайт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 20…25, Ысык-Көл менен Нарында 15…20 градус жылуу болот.

Ош шаары менен Бишкекти күндүз ала булут каптап, кечке жакын жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 20…26 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0