15:01 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Актер Стивен Сигалдын архивдик сүрөт

Өкмөт башчы Стивен Сигалга Кыргызстандын жараны болууну сунуштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
550 0 0

Стивен Сигал III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда өзүнүн идеялары менен бөлүшүү үчүн Бишкек шаарына келген

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков белгилүү актер Стивен Сигал менен жолугушуу учурунда ага кыргызстандык жаран болууга мезгил келгенин айтты.

Сигал III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда өзүнүн идеялары менен бөлүшүү үчүн Бишкек шаарына келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы андан Кыргызстанга кандай жеткенин сурады. Өз кезегинде актер уулунун туулган күнүн тосуп Монголияда болгонун айтып, ошол жактан түз учуп келгендиктен көп күч жана убакыт кетпегенин билдирди.

"Тилекке каршы, Кыргызстанга тез-тез учуп келип туруу кыйынга турат. Учуу мөөнөтү узак", — деди Сигал.

Мындан улам Исаков ага Кыргызстандын жараны болууга мезгил келгенин айтып өттү.

Стивен Сигал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси. Ал өткөн жылы болгон оюндарда парадды ачып берген. Буга чейин Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктаган

Кийинки Көчмөндөр оюну 2018-жылдын күз айларында Кыргызстанда өткөрүлөт.

Тема боюнча

Стивен Сигал өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугуу үчүн Бишкекке келди
Актер Стивен Сигал Сапар Исаковдун өкмөт башчы болгонуна аябай кубанганын айтты
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Стивен Сигал, Сапар Исаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ