13:59 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Музыкант Айдин Жумалиевдин өмүрүн сактап калуу аракети (6)
23810

“Элес” тобунун музыканты Түркиядан текшерүүдөн өтүү үчүн беш миң доллар талап кылынууда

БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. “Город 312” тобунун музыканты Дмитрий Притула оор илдетке кабылган “Элес” тобунун мурдагы мүчөсү Айдин Жумалиевди колдоого чакырган видео кайрылуу жасады. 

Аталган видео жазылма Facebook тармагында пайда болду.

“Мен Айдин менен чогуу өскөм. Ал кыргыздын абдан таланттуу музыканты. Учурда оор илдетке кабылып отурат. Кайдыгер карабагандар чогуу жардам берели. Мен сиздерге ишенем”, — деди Притула. 

"Элес" тобунун мурдагы мүчөсү Айдин Жумалиевге боор рагы деген диагноз коюлган. Эми Түркиядан текшерүүдөн өтүү үчүн беш миң доллар талап кылынууда. Бул каражатты 11-августка чейин топтоо зарыл. 

Айдин Жумалиев "Элес" тобунун мүчөсү болгон. Музыканттар тобу 1985-жылдан 2002-жылга чейин элге кызмат кылган. Бул убакыт аралыгында алар беш альбом чыгарган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында топ кайрадан түзүлгөнү маалым болду.

Тема:
Музыкант Айдин Жумалиевдин өмүрүн сактап калуу аракети (6)

Тема боюнча

"Элес" тобунун мурдагы мүчөсү оор илдетке кабылды. Акчалай жардам керек
Белгилер:
элес, жардам

ЭҢ МААНИЛҮҮ