Союз мезгилиндеги жана азыркы депутаттардын 5 айырмасы. Тарыхый сүрөттөр

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму
КР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи отуруму 1938-жылы 18-июлда өткөн. Тарыхый датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан 79 жыл мурун өз ишин баштаган эл өкүлдөрү менен учурдагы депутаттарды салыштырып көрдү.

Чыныгы эл өкүлдөрү. 1938-жылы шайлоочулар депутаттарды мажоритардык система менен тандаган. Тагыраагы, жергиликтүү эл өздөрүнүн талапкерлерин сунуштай алган. Ал маалда мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө органында иштейм дегендердин арасында акчалуулар гана эмес, калк ичинде кадыр-баркка ээ болгон саанчы, малчы жана шахтерлор чыккан. Мисалга Социалисттик эмгектин баатырлары, кызылчачы Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокова бир нече чакырылыштын депутаты болгон.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР1938-жылы өткөн шайлоо
1938-жылы өткөн шайлоо - Sputnik Кыргызстан
1/5
1938-жылы өткөн шайлоо
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму
КР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму - Sputnik Кыргызстан
2/5
КР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңештин жалпы жыйыны
Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР1927-жылы курулуп бүткөн өкмөт үйү
1927-жылы курулуп бүткөн өкмөт үйү - Sputnik Кыргызстан
4/5
1927-жылы курулуп бүткөн өкмөт үйү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты - Sputnik Кыргызстан
5/5
Жогорку Кеңештин имараты
1/5
1938-жылы өткөн шайлоо
2/5
КР ССРинин Жогорку Советинин 1939-жылы өткөн III съездинин отуруму
3/5
Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны
4/5
1927-жылы курулуп бүткөн өкмөт үйү
5/5
Жогорку Кеңештин имараты

Квота. Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан. Азыр болсо, 15 пайыздан көбү жаштар, 70 пайыздан көбү бир жыныстын өкүлдөрү болбошу керек.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз ССРинин Жогорку Советинин экинчи сессиясы
Депутаты Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин экинчи сессиясы

Саны. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары
Депутаты Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары

Айлык түшүнө кирбеген эл өкүлдөрү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматтык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.

© Sputnik / Мирбек СакеновСоветтик Кыргызстан газити Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи сессиясы тууралуу
Депутаты Киргизской ССР  - Sputnik Кыргызстан
Советтик Кыргызстан газити Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи сессиясы тууралуу

Депутаттардын жоопкерчилиги. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары кылмыш жоокерчилигине жана административдик айыпка өлкөнүн Жогорку Советтин макулдугу менен гана тартылган. Учурда эл өкүлдөрү өзгөчө оор кылмышка шектелгенде Жогорку Кеңештин уруксаты талап кылынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0