Соцтармакты дүң кылгандар: жүдөө жигитке айтылган ода, тилинен чаң чыккан милиционер

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник ПМ в Бишкеке. Фото со страницы Facebook пользователя Чынгыз Кулназаров
Сотрудник ПМ в Бишкеке. Фото со страницы Facebook пользователя Чынгыз Кулназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жумада интернет айдыңында бишкектик жигит атайын даярдыктагы аскерлердин катышуусу менен сүйгөн кызынын колун сурап таң калтырса, эмоционалдуу Кайгуул милиция кызматкери элдин көңүлүн өзүнө бурду.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Учурда социалдык тармактар өзүнчө бир айылга айланып калгандай. Көпчүлүктүн күнүмдүк турмушунда болуп жаткан окуялардын баары ошол жакта.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада интернетте хит жараткан "жылдыздарды" топтоп чыкты.

Романтик жигит. Бишкектик жигиттин сүйгөн кызына жасаган сюрпризи көпчүлүктү таң калтырды. Кафеде жай отурган элге атайын даярдыктагы аскерлер бастырып келип баарын тинтүүгө алат. Ошол жерден таңгакталган баштыкчадагы нашага окшогон заттан шакекти сууруп чыгышат.

😂😂😂 Кимдин ыры эле десем озумдун обонум турбайбы 😆😆😆

Публикация от Нурлан Насип (@nurlannasip_official) Июл 16 2017 в 4:38 PDT

Жүдөгөн кандай немесиң. Бул видеодогу кыз жигитине ирээнжип калганбы, айтор, анын ар бир кылык-жоругун ырга салып чыгыптыр. Атың чыкпаса жер өрттө!

Шайыр "келинден" жаңы бий. Буга чейин боз үйдү сахна, жиликти микрофон кылып Бейонсенин ырына бийлеген Сайкал Жумалиева эми айылдык келиндин образында чимириле бийледи. Бул менен ал айылдагы жашоону да көрсөтүп берген.

"Чык эшикке 2". Кара-Суу районунда Жарандык актыларды каттоо кызматында иштейт делген аялдын кардар менен болгон жаңжалы соцтармакка тарады. Муну көргөндөрдүн бир катары кардарга жасаган орой мамилеге таң калышса, экинчилери "чык эшикке 2" деп күлкүгө алышууда.

Сөзгө чечен милиционер. Азыр кандайдыр бир окуяга күбө болсок дароо видеого тарта калчу болдук. Өзгөчө Кайгуул милиция кызматкерлери кезек-кезеги менен "интернет жылдызы" болуп турат. Мында дагы айдоочу инспектордун жинине тийип койгон окшойт. Эмне үчүн токтотконун образга кирип берилүү менен түшүндүрүп жатат. Бул видео интернетке жарыяланары менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Аңчылык кылган арабдар. Атып өлтүрүлгөн суур, коёндорду колуна кармап алып кубанган чет элдик туристтер кыргызстандыктардын кыжырын келтирди. Араб тилинде сүйлөп жаткан туристтердин кийген кийимине караганда, алар Араб өлкөлөрүнүн биринен келишкен. Азырынча окуя кайсы жерде болгону тактала элек.

Көл жээгиндеги кара жорго. Азыркы тапта күндүн аптабынан качып Ысык-Көл тарапка бет алгандар арбын. Бул кадрдан көл жээгинде чет элдик туристтердин көтөрүңкү көңүлдө кара жоргого түшүп жатканын көрүүгө болот. Арабдар деле аңчылыкка чыкпай ушулардай болуп бийлеп кетишсе баары кубанмак.

Кара күчтүн ээси. Учурда жер-жерлерде чөптү оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткан маал. Эгер чөп ташууга бул мырзаны ала барсаңыз жаныңыз кыйналбайт. Анткени ал бир таңгак чөптү топ кармагандай эле ыргыта алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0