Атамбаев акыркы жылдары мугалимдердин орточо айлык акысы төрт жолу көбөйгөнүн айтты

Жазылуу
Өлкө башчысы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин чейрек бөлүгү билим берүү берүү тармагына жумшаларын баса белгиледи.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Акыркы жылдары мугалимдердин орточо айлык маянасы төрт жолу жогорулады. Бул тууралуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мугалим, дарыгер жана маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып айтты.

Өз сөзүндө Атамбаев мугалимдик кесипти престиждүү кылып, педагогдордун жашоо деңгээлин жогорулатууну өзүнө негизги тапшырма катары койгонун айтты.

"Акыркы 5-6 жылдан бери ири ишкана курбасак дагы, мугалимдердин айлык маянасы төрт жолу көтөрүлдү. Биз бюджеттин 24 пайызын билим берүү тармагына жумшайбыз деген максатыбызга жеттик. Бул дүйнө жүзү боюнча жакшы көрсөткүч, анткени башка мамлекеттерде бул тармакка 3-4 пайыздан көп каражат жумшалбайт", — деди өлкө башчы.

Ал ошондой эле ар түрдүү көйгөйлүү маселеге карабастан бул тенденцияны карманыш керек экендигин баса белгилеп, эл — бул мамлекеттин байлыгы болгондуктан билим бар жерде түшүнбөстүк, жапайычылык жок болоорун коршумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0