Алдыда акактаткан күндөр: ысыктан сактануунун жолдорун адистер айтып берди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖара в Москве
Жара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чындоо борбору ысык өткөрүп албоонун шарттарын түшүндүрүп берди.
  • табыгый таза кездемелерден (чыт, лен) тигилген кийимдерди кийиңиз, баш кийимди дагы унутпаңыз;
  • күндүз ачык асман алдында колдон келишинде азыраак убакыт болуңуз;
  • суткасына 2-3 литрден аз эмес суюктук ичиңиз;
  • күндөн коргоочу кол чатыр колдонуңуз (ачык өңдөгү);
  • тамакты аз өлчөмдө бирок бат-баттан ичип туруңуз. Колдон келишинче жашылча-жемиштерден жана сүт азыктарынан жасалган тамактарга басым жасаңыз;
  • кичине балдарды, кары адамдарды же жаныбарларды унаага таштоого туура келсе, терезени ачык коюңуз;
  • өзүңүздү начар сезе баштасаңыз, жаныңыздагылардан жардам сураңыз.

Күн өтүүнүн белгилери:

  • баш оору жана баш айлануу;
  • алсыроо;
  • кусуу,
  • дем алуунун оорлошу;
  • галлюцинация. Айланадагы нерселер кызыл же жашыл өңгө боёлгондой сезилет;
  • дене табынын жогорулашы;
  • тарамыштын түйүлүшү;
  • тердин чыкпай калышы;
  • теринин кургашы;
  • эсин жоготуу;
  • мурундун каноосу.

Бул белгилердин бирин өзүңүздөн байкасаңыз, Тез жардам кызматын чакырыңыз. Ал келгенге чейин ооруп калган адамга жанындагылар төмөндөгү жардамдарды көрсөтүп турушу зарыл:

  • адамды көлөкөгө же салкын бөлмөгө алып кириңиз;
  • жабырлануучуну чалкасынан жаткырып, бутун бир аз көтөрүп коюңуз. Чекесине сууланган сүлгүнү коюңуз.
  • эгер адам акыл-эсинде болсо суу ичириңиз;
  • галстук, топчуланган жака, кур сыяктуу денени кыса кармап турган нерселерди чечүү зарыл;
  • мүмкүнчүлүк болсо адамды муздак сууга түшүрүп же денесин сууга чыланган сүлгү менен сүрүү керек;
  • адамдын дене табын түшүрүү үчүн вентилятор же желпигичти колдонсо болот;
  • эгер адамдын дене табы 38,5 градустан ашып кетсе, целлофан баштыкка же бөтөлкөгө муз салып, денесине басса жардамы тиет;
  • адам эсин жоготуп баратса, нашатыр спиртин же 10 пайыздык аммиак кошулмасын жыттатыңыз;
  • күрөө тамырдын жана жүрөктүн согушун көзөмөлдөп туруңуз. Жүрөгү токтоп баратса, медиктер келгиче жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдырып туруу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0