19:27 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Ооруканадыг бала. Архивдик сүрөт

"Доктур, мен өлүп каламбы?" деп сурады бала кадала тиктеп. Бишкектик онкологдун маеги

© Sputnik / Валерий Мельников
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
370710

Сөөк онкологу Алмаз Бабалаев үчүн бейтаптын көзүнө карап ажалы жеткенин айтуу оголе оор. Кыргызстандагы бул багыттагы жападан жалгыз дарыгер менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Минбаева баарлашты.

Бишкектик Алмаз Бабалаев Москвада жайгашкан дүйнөнүн эң алдыңкы онкологиялык борборунда иштей алмак. Бирок, баарын таштап, арзыбаган маянага кайыл боло мекенине кайткан. Зарыл каражатты чукул убакытта эле табууга даяр бейтаптарынын көз жашына да карабай келе берген. Кыргызстанда колунда бир операциядан кийинкисине стерилденип жетишип калууга тийиш бир гана жабдык топтому болорун билсе да, хирург өлкөсүнө жөнөгөн. 

Единственный в Кыргызстане костный онколог Алмаз Бабалаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сөөк онкологу Алмаз Бабалаев: Бишкекте азыркы тапта дүйнөлүк деңгээлде дарылоо жүргүзө алабыз – маселен, муун салуу (протездөө). Рак кесели муунду талкалаган учурда колду же бутту толугу менен кесип салуунун ордуна бейтапка жасалма муун салабыз

— Жүрөктүн оор кемтигинен жабыркаган бир бала боюнча сюжет жасаганым бар. Врачтар наристенин энесине жаңы жабдык сатып алганча операцияны күтүп туруусун айтышат, ал эми керектелчү жабдык алынган маалда тиешелүү адистер эбак өлкөдөн кетип калышкан экен. Баары кетип жатышса, сиздин кайтканыңыз кызык… Эмне үчүн?

— Дүйнөдө экинчи орунда турган Блохин атындагы онкологиялык борбордо аспирантураны окудум. Ал жерде иштеп калууну сунуштап, мага орун да бөлүшкөн эле.

Ошол маалда Улуттук онкология институтунун ал кездеги директору Накен Касиев телефон чалып "Алмаз, кайтып кел! Москвада эмне кыласың? Кыргызстанда да бейтаптар бар, аларды ким дарылайт?" – деди. Ошентип келип калдым.

Бишкекте азыркы тапта дүйнөлүк деңгээлде дарылоо жүргүзө алабыз – маселен, муун салуу (протездөө). Рак кесели муунду талкалаган учурда колду же бутту толугу менен кесип салуунун ордуна бейтапка жасалма муун салабыз.

Бул жакта мындай операциялар дурус эле жасалат. Мисалы, баарыбыз израилдик медицинаны мактап калабыз го. Бир окуяны айтайын: кыргызстандык бир жарандын бутунан рак шишигин табышат. Израилге мыкты деген врачтарга алпарышат. Алар көргөн соң "бутун кесиш керек, анан өзүнчө акы алып химиотерапия жүргүзөбүз", – дешет. Ал Кыргызстанга кайтат, баары бир кесе турган болгон соң, кайда кесилеринин кандай мааниси бар? Ал бейтап мага келди.

Ага "кескенге качан болсо, үлгүрөбүз, адегенде дарылап көрөлүбү?" – дедим. Дарылана баштады, шишик алдаканча кичирейди. Андан соң, оор операция жасалып, жети саатка созулду. Биз максатыбызга жеттик!

Андан кийинкиси андан кызык. Израилдиктерге операция тууралуу кабар жеткен өңдөнөт. Мага телефон чалып, "бизде тажрыйба топтоого чакырабыз. Акысы мынча турат", – дешет. Атаган суммасы – асмандын башы! Мен эмес, бейтаптын бутун алар сактап калгандай. А бирок, москвалык окутуучум мени бул иш үчүн мактады.

Адамдын мүчөлөрүн сактап калчу мындай иштердин бир гана кемчилиги — акысы. Москвада протездерди мамлекет өз эсебинен төлөп берет, ал эми бизде бейтаптар өздөрү сатып алууга аргасыз.

— Баасы ошончолук эле кымбатпы?

— Эң арзаны 7-8 миң доллар турат. Түркияда кымбат баалуу кошундудан (эритмеден) өндүрүлөт. Биз салган эң кымбат жасалма тизе муунунун акысы 22 миң долларды түзгөн. Аны Моквадагы окутуучум белек кылган эле. Ал эки жыл мурда операция жасаткан бийкечке буюрду. Кынтыксыз дал келбесе да, биз айласын таап тууралап салып, бутун сактап калдык! Ал кыздан эч кандай акча албай, баарын бекер жасап бердик.

Баса, андай операция Борбор Азияда ошондо алгач ирет жасалган. Ал маалда Украина да мындай кадамга бара элек болчу.

Ошондой эле биз ушул чакта химиотерапияны да дүйнөлүк стандарттарга ылайык жүргүзөбүз. Бизге Жашап кетери күмөн, мойнунда шишик бар киши кайрылган. Беш күн бою, атүгүл түнү менен кымбат дарыны сайып жаттык. Бейтап ар бири алтымыш миң сомдук төрт курстан өттү.

Натыйжасын көрүп, биз өз көзүбүзгө ишенбедик! Шишик он эсеге кичирейген! Ал киши өмүр бою мойнун түздөп кармаган кеп кийип жүрөт, бирок, эң чоң жеңишибиз – тирүүалып калдык! 

Единственный в Кыргызстане костный онколог Алмаз Бабалаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сөөк онкологу Алмаз Бабалаев: 12 жаштагы бир баланы дарылагам. Көздөрү да, көз карашы да чоң кишилердикиндей эле. Ата-энеси сыртка чыккан кезди байкай "байке, мен өлүп каламбы?" – деп тике сурады. Бир айлык өмүрү калган эле…

— Бейтаптарыңыздын орточо курагы кандай?

— Көбүнчө залалдуу шишик, рак балдардын, 30 жашка чейинки жаштардын сөөгүн жабыркатат. Шишиктин айрым түрлөрү абдан оор, кээ бир диагноз табылган бейтаптардын жарымы гана жашап кете алат.

— Ажал тооруганы туурасында аларга кабарлоо кыйын болсо керек…

— 12 жаштагы бир баланы дарылагам. Көздөрү да, көз карашы да чоң кишилердикиндей эле. Ата-энеси сыртка чыккан кезди байкай "байке, мен өлүп каламбы?" – деп тике сурады. Бир айлык өмүрү калган эле…

Биз эски адатты карманган дарыгерлерденбиз, бейтаптын сезимдерин, абалын аярлайбыз. Батышта андай эмес, врач түз эле: "колубуздан эч нерсе келбейт, жарым жылдык жашооңуз калды" – деп коюшат. Биз көбүнесе туугандарына билдиребиз.

Интернеттин өнүгүшү менен бейтаптар өз диагнозужөнүндө Google аркылуу эле баарын тактап, абал кандай өөрчүп кетиши мүмкүн экендигин түшүнүп алышат. Анан көзүңө тигиле: "доктур, мен өлүп каламбы?" – сурашат. Медицина тармагында он алты жылдан бери иштейм, бирок, бул суроого жооп берүүнү эч эле үйрөнө албадым.

— Жаман диагнозду бейтаптар кандай кабылдашат?

— Жай кабыл алганы бар, ачууга алдырганы бар, адамдын канчалык жашагысы келгенине жараша. Мындайда кайсы бир суммадагы акчага баарын "айыктырып жиберүүгө" даяр алдамчы эмчи-домчулар аңдып турушат.

Балким, дал ошолор адамдардын үмүтүн өчүрбөөгө көмөкчү болор. Менимче, бизде жаман кеселге кабылгандардын үмүтүн жандырган атайын жайлар (хоспистер) уюштурулушу зарыл. Албетте, бул көйгөйдү чечүүнү биздикилер да колго алган, бирок, ойдогудай эмес. Ал тургай, "эгер адам ажалга сүйрөгөн дартка кабылса да, ага кол сунбай кое албайбыз!" деген ураан бар.

— Тажрыйбаңызда керемет деп атай турган учур орун алды беле?

— Ысык-Көл облусунан келген бир бейтап бар эле. Диагнозу – жайылып бараткан сөөктүн өтүшүп кеткен залалдуу шишиги. Туугандарына кыздын 3-4 ай гана жашарын эскерттик.

Ошентип, ал Ысык-Көлгө кайткан. Жарым жылдан кийин телефондон: "Алмаз, бизге келип кет! Күн сонун жылып калды" дебеспи. Чынын айтайын, жашап жатканына таң калдым. Шишик да чоңойуп, метастаз да көбөйүп бараткан, бирок, ал кыз өмүрдөн үмүт үзгөн жок. Биз болжогон үч айдын ордуна ал үч жыл жашады. 

Единственный в Кыргызстане костный онколог Алмаз Бабалаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сөөк онкологу Алмаз Бабалаев: адамдарга пайдам тийип жатканы мен үчүн абдан маанилүү. Кээде бейтаптар мага жазып калышат, ыраазычылык билдиришет

— Аягы жакшы бүтпөптүр…

— Дагы бир көңүлүмдө уялаган бир окуяны айтып берейин. Москвада иштеп жүргөнүмдө дагестандык бир айылдан 18 жашар жигитти операцияга алып келишти. Ага жасалма протез салып бергенбиз. Үч жылдан кийин оорукананын астанасын кайрадан аттады. Буту ооруп жатыптыр. Апасы "баламды бардык кечелерге чакырышат! Лезгинка боюнча алдыңкы бийчи!" – деп мактанды. Протезин жаңыладык. Жигитке буту жабыркаганын, бийди таштаганы оң экенин түшүндүрдүм. Эмне болду дебейсиңерби? Андан бери он жыл өттү. Азыркыга дейре байланышып турабыз, мага бийлери тартылган видеолорду жөнөтөт. Ооруган буттары менен ал он жылдан бери лезгинка бийлеп жүрөт.

— Бишкекке кайтканыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок. Келбесем, бул кишилерди ким дарыламак?.. Ооба, шарттар оор. Мисалы, менде хирургиялык жабдыктардын бир гана топтому бар. Көздүн карегиндей сактайм. Абдан кымбат да турат: мыктылары 80 миң евронун тегерегинде. Ар кечте аларды стерилдөөгө тапшырам, эртеси күнкү операцияга даяр болушу шарт.

Экинчи жагынан, адамдарга пайдам тийип жатканы мен үчүн абдан маанилүү. Кээде бейтаптар мага жазып калышат, ыраазычылык билдиришет. Себеби, биз алар менен биргеликте кесел менен күрөшүп, көпчүлүк учурда жеңип да келебиз.

Тема боюнча

Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Наалыбачы! Мунуң чарчап калса дагы төрөп аласың... Бишкектик ыктыярчынын баяны
Белгилер:
өмүр, рак, операция, онкология, өлүм, Накен Касиев, Алмаз Бабалаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ