Даңгыт, келесоо, көк мээ... Парламентте балп эттирип "жылдызга" айланган депутаттар

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЗаседание президиума правительства РФ
Заседание президиума правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын айрымдары "балп" эттирме кептери менен кыйлага таанылса, кээ бирлери кылык-жоруктары менен элди айраң-таң калтырышкан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чыныбай Турсунбеков 29-июнда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин экинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялады.

Мындан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги тогуз айга (2017-жыл, сентябрь-июнь) созулган парламенттин ишмердүүлүгү учурунда өзгөчө лексикону менен коомчулукка аты таанылган депутаттарды тизмектөөнү туура көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАта Мекен фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз
Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Ата Мекен фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз

Садык Шер-Нияз. Парламенттик отурумдардын биринде морадерчулук маселеси талкууланып жаткан учурда депутат Камчыбек Жолдошбаев убагында Болот Шерниязов Кара-Кечени тоногон деген пикирин айткан. Анын мындай кебине Болот Шерниязовдун бир тууганы, Ата Мекен фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз "Даңгыт болбоо керек" деген каяша жообун берген.

"Элибиз үчүн ким болсок да макулбуз. Бирок өзүң даңгыт болбошуң керек. Көрүнгөн жакта, көрүнгөн партияда жүрбөшүң керек. Даңгыт болбой адам болуу керек. Мен кээ бир кесиптештеримди акыл-эс менен сүйлөөгө чакырам. Урматтуу төрага, сизден дагы бир жолу суранам, көрүнгөндүн далдыраган, келесоо, галдирбаш, көк мээ сөздөрүн тыйыңыз", — деген Садык Шер-Нияз.

Парламенттин бул отурумунан кийин социалдык тармактарда "Даңгыт" сөзү трендге айланып, эки депутат далайдын эсинде калды көрүнөт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева
Единственная женщина депутат от фракции Онугуу — Прогресс Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева

Гүлшат Асылбаева. Өткөн жылдын октябрь айында "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева жарандардын айлык маянасы тууралуу пикир билдире коем деп интернет колдонуучуларынын балээсине калган. Тагыраагы, эл өкүлү Улуттук статистика комитетинин маяна тууралуу маалыматы күмөн жаратарын айтып, "мен биздин мамлекетте кимдир бирөө ушунча аз айлык аларына ишенбейм. 8-9 миң сом деген айлык жок" деген ою менен бөлүшкөн. Анын мындай кебин бир катар интернет басылмалары жазып чыккандан кийин соцтармактын колдонуучулары эл өкүлүн "тепкиге" алышты. Мугалимден тарта, пол жууган кызматкерлерге чейин 8 миң эмес 3-4 миң эптеп таап жатышканын күнү-түнү жазып, депутаттын эсин оодарышты. Кийин эл өкүлү бюджеттик сфераны эмес, бизнес структуралары тууралуу айтканын билдирип, актанган жайы бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков

Рыскелди Момбеков. Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо маселелери талкууланып жаткан кезде КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков министр Талантбек Батыралиевге "келесоо болуп каласыңар да" деп айткандын эртеси интернетти ачса, аны келекеге алган түркүн-түрлүү сөздөрдү окуй алмак. "Момбеков убагында маданият тармагында эмгектенген салабаттуу киши" деп какшык иретинде жазгандардын аягы бир нече күн суюлбай турду. Айтор, бул окуядан кийин далайлар 120 депутаттын ичинен Момбековду абдан жакшы таанып калды көрүнөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова
Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова

Жылдыз Мусабекова. Дагы бир КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында мугалимдер мектепке уй сааганы келгендей барбашы керектигин билдирген. Аны уккан жарандардын эл өкүлүнө карата нааразы пикирлери интернетти кара таандай каптады. Айрым мугалимдер ЖМКлар аркылуу "баарыбыз бай эмеспиз, айлыкка жараша кийинебиз" деп депутатка үн катышты. "Кара пиар дагы пиар" демекчи, эл өкүлү парламентте жүйөлүү маселелерди көтөрүп калганда, айрым интернет колдонуучулары "бул баягы мугалимдерди саанчыга салыштырган саясатчыбы" деп таанып жатышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПчы депутат Кожобек Рыспаев
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев

Кожобек Рыспаев. Бул депутат дагы өкмөткө болгон ич күптүсүн айта коем деп соцтармактын талоонунда калган жайы бар.

"Өзүңөр көрдүңөр, депутаттарды Көчмөндөр оюндарына автобуска салып чурулдатып жеткирип койду. Ал эми өкмөт машина менен кирип жатты, бизди "издеваться" этип. Анда баарына бирдей кылсын, бирдей укук менен барсын", — деген эле.

Анын бул айткандары интернет ЖМКлары аркылуу элге чагылгандай тарагандан кийин Рыспаев гана эмес, жалпы 120 депутат жаманатты болуп жатып калды. Интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү "депутаттар автобус менен жүрсө эмне болот экен" деп айраң-таң болушкан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков убакытты токтотууну суранган депутаттарга "Убакытты Кудай да токтото албайт" деп жооп берген эле. Кийин анын мындай кебине кошулбагандар четтен табылып, төрага сынга кабылды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековV жана VI чакырылыштын депутаты Анвар Артыков
Депутат ЖК Анвар Артыков  - Sputnik Кыргызстан
V жана VI чакырылыштын депутаты Анвар Артыков

Анвар Артыков. Башка депутаттар "балп" эткен кептери менен "жылдызга" айланып кетсе, V жана VI чакырылыштын депутаты Анвар Артыков Кайгуул кызматына жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөбөй кетип калып интернетте дүң болгон. Соцтармактардагы видеодо темир тулпарын аялдаманын аймагына токтоткон Артыков милиционерге баш бербей, унаасын айдап кеткени даана көрүнүп турат. Буга ызырынган активисттер депутаттын мандатын тапшыруусун интернет аркылуу талап кылып чыгышты. Кыскасы, бул окуя эл өкүлдүн кадырына кыйла таасир берген окшойт, бүгүнкү күнгө чейин ага карата жагымсыз комментарийлерди кездештирүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0