Шаарга жаңы келген абитуриенттер үчүн 9 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефонго сүрөт тартып жаткан кыз. Архив
Телефонго сүрөт тартып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүү кечелери, акыркы экзамендер бүтүп, абитуриенттер шаарга агылып келе баштады. Айылдан жаңы келгенде жалтактап, алаңдап жүрүп эмне деген гана окуяларга туш болбойсуң. Мындай учур элеттик ар бир абитуриенттин башынан өтүп, кийин ал күлкү менен эстелет эмеспи.

Бир күн ачка, бир күн ток калчу студенттик жашоого жаңы эле кадам таштайм деп келе баштаган абитуриенттерге үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары башынан өткөн окуяларды эстеп, болбой турган нерселерди тамаша иретинде тизмектеп берди.

Чемпионат профессионального мастерства по стандартам WorldSkills Russia в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Студенттер жайкы каникулда кайсы жактарда иштей алышат? Инфографика
Акчаңды тыңыраак кат. Айылдан уй-торпогун сатып "окууга тапшыр" деп ата-энең берген акчаңды бекемирээк жерге салып кой. Дардалаңдап "жыргал жашоо башталды" деп чачып салып же уурулардын кылтагына илинип калба.

Алаңдаба. Шаарга келгенде эки-жакты карап алаңдабай өзүңө ишенимдүү жүр. Болбосо байкап калган шаардын "шумпайлары" алдап кетиши ыктымал.

Маршруткадан уктап калба. Ысыкка көнбөгөн жаның маршруткага түшкөндө шалдырап уктап калып, барчу жериңден өтүп кетпе. Кайсы жерде жүргөнүңдү билбей бир күн кечке шаар аралап калышың ыктымал. Анан да маршрутканын ичинен катуу сүйлөгөн уят болот.

Окууга деген документтериңди унутуп калба. Айылдан чыгарда алгач эле чемодандын түбүнө окууга өтө турган документтериңди салып келип, аны ар кайсы окуу жайдын эшигин тырмалап жатып, көрүнгөн жерге таштап салгандан сак бол. Шоруң кайнайт.

Ар нерсеге азгырылба. Шаарда көңүл ачуучу жайлар көп болот. Ар нерсеге азгырылып, бул жакка эмнеге келгениңди унутпа. Кудай буюруп, окууга өтүп калсаң баарына жетишесиң.

Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"
Кыздар, бийик таканы кое тургула. Мээ кайнаткан ысыкта элди көрүп шиш така сатып алба. Андан көрө өзүңө ыңгайлуу бут кийим ал. Окуу жайдан окуу жай кыдырып жүрүп эртеси "казды туурайм деп карганын буту сыныптыр" болбо.

Ачка калба. Окууга өтөт элем деп акчаңды аяп ачка калба. Убагында тамак ичип тур, өзөрүп же ооруп каласың. Алды-артыңан чыгып, оозу-мурдуңа тамак куйган ата-эне алыста.

Болор-болбоско мүңкүрөбө. Студенттик күндөр — чоң турмуштун башаты. Анда бирде өйдө, бирде ылдый болот. Бирөө жакшы сүйлөсө, кээ бири кагып салышы ыктымал. Андыктан айрыкча кыздар болор-болбоско көз жаш коротпой жакшы окуп, өзүнө тың болгону дурус.

Жалкоо болбо. Шаар жалкоолорду сүйбөйт. Бул жерде бир тыйының жок болсо талаада калышың ыктымал. Андыктан айылдан келген акчаны үнөмдөп, окууга өтүп, баары жакшы болуп баратса кайра айылга кетип калбай, шаар турмушу менен таанышканча майда-барат жумушка орношо калсаң, өзүңө эле пайда.

Жаңылыктар түрмөгү
0