Нуржан Ташполот кызы: маек алчу кишим "сиз жанагы Барбисизби" десе, чочуп кетипмин

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын "Ала-Тоо"маалымат программасында диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда
КТРКнын Ала-Тоомаалымат программасында диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы эфирин КТРКнын "Ала-Тоо"маалымат программасында диктор болуп баштаган Нуржан Ташполот кызы учурда аталган телеканалда Кыргызстандагы белгилүү адамдардын жашоо-турмушун чагылдырган "Ийгилик сырлары" автордук берүүсүн алып барат.

Журналист менен кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева маектешип өзүнүн ийгилик сырлары, жеке жашоосу жана жумушу тууралуу кеп козгоду.

Сыртынан токтоо көрүнгөн алып баруучу студиябызга жаркырап жакшы маанай менен кирип келди.

— Кээде адамдардын жаш курагын тез эле аныктап койчу элем, сиздикин сурай албай жатам. Сыр болбосо жашыңыз канчада?

— Жаш курагымды деле жашырбайм (күлүп), 31 жаштамын.

© Фото / предоставлено Нуржан Ташполот кызыДиктор Нуржан Ташполот кызы: эл алдына чыккан адам болгондуктан өзүңдү карап жүрүү керек. Ошол себептен фитнеске, ал эми жакындан тарта гольф оюнуна бара баштадым
Диктор КТРК Нуржан Ташполот кызы - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуржан Ташполот кызы: эл алдына чыккан адам болгондуктан өзүңдү карап жүрүү керек. Ошол себептен фитнеске, ал эми жакындан тарта гольф оюнуна бара баштадым

—  Өтө семирбей, өтө арыктабай өзүңүздү бир калыпта алып жүрөсүз, спорт менен алектенип, диета кармайсызбы?

— Жок, диета кармап, стилистке деле барбайм. Эл алдына чыккан адам болгондуктан өзүңдү карап жүрүүң керек. Ошол себептен фитнеске,  ал эми  жакындан тарта гольф оюнуна бара баштадым. Семирбегенимдин себеби генден болсо керек. Апам арык, атам толугураак болчу. Мен апама окшошмун. Эжемдердин кээ бири толук, алар "апамды тартып калсаң керек" дей беришет.

— Канча бир туугансыз, кайсы жактын кызы болосуз?

— Нарын облусунун Жан-Булак айылынан болом. Тогуз бир туугандын кичүүсүмүн. Атам былтыр көзү өтүп кетти. Апам 76 жашта.

— Журналистика тармагында ар түрдүү кесиптин ээлери иштейт эмеспи. Кайсы кесип боюнча билим алдыңыз эле?

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология факультетин бүтүргөм. Окууну бүткөндөн кийин котормочу болуп иштеп жүрдүм. Бирок эл алдына чыгып, экрандан көрүнүүнү самачумун. Дос кыздарымдын бири "барып, байкап көр да" дегенинен КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасына келип, диктор Чынар Капарованын кол алдында тарбияландым. Ошол киши мага көп жардам берип, жол көрсөттү. Бирок ал "азыр сени киргизип коё алам, бирок жөндөмүң болбосо эч нерсе кыла албайбыз" деди. Анда текст жазганды да билчү эмесмин. Алгач штаттан тышкары кабарчы болуп текст жазганды, сюжет жасаганды үйрөнүп, анан бара-бара диктор болдум. Бул кесипти аркалап кетиш кыйын экенин жон терим менен сездим. Кээде редактор эптеп жазган текстиңди ыргытып жиберип, бир күн кечке даярдаган сюжетиң эфирден кетпей калчу.

— "Эл оозунда элек жок", бирок КТРКда алып баруучулукка келиш оңой эмес, ал үчүн жетекчиге жагыш керек деген сөздөр айтылат. Мунун канчалык чындыгы бар?

— Ал сөзгө мен таптакыр кошулбайм. Журналистика тармагы шык-жөндөмдү, талантты, эмгекти талап кылган кесип. Мен жаңы келген жылдары "алып баруучу болом" деп бир белгилүү эле депутаттын кызы келди. Бирок жарым ай иштеп чыдабай кетип калды. Ага бардык тараптан колдоо көрсөтүлдү, бирок жыйынтык чыкпай койду окшойт. Журналистиканын ысыгынан да суук күндөрү көп болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Нуржан Ташполот кызы: атаандаштык, интрига бардык эле жерде болот. Атаандаштык болбосо өсүү кыйын болуп калат. Элдин баары "КТРКда интрига көп" деп айтышат, жашырбайм бизде интрига бар, бирок мындай нерсе бардык жакта бар деп ойлойм
Диктор КТРК Нуржан Ташполот кызы - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуржан Ташполот кызы: атаандаштык, интрига бардык эле жерде болот. Атаандаштык болбосо өсүү кыйын болуп калат. Элдин баары "КТРКда интрига көп" деп айтышат, жашырбайм бизде интрига бар, бирок мындай нерсе бардык жакта бар деп ойлойм

— Мен сизди алгач эфирден көргөндө куурчакка окшотуп койгом?

— Ооба, бул сөздү уга берип көнүп деле калдым. Бир жолу берүүмө интервью алайын деп бир кишиге чалсам "сиз жанагы Барбисизби" дейт, мен да чочуп кетип, "билбейм, бирок алып баруучу Нуржан Ташполот кызымын" десем күлгөн. Сиз айткандай, "куурчакка" окшоткондор көп эле болгон.

— КТРКда интрига көп деген сөздү кулак чалып калат. Атаандаштык, көрө албастык көппү?

Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунова: жоолукту үчүнчү ирет башыман алып салаарда кемпир колдон алды
— Атаандаштык, интрига бардык эле жерде болот. Атаандаштык болбосо өсүү кыйын болуп калат. Элдин баары "КТРКда интрига көп" деп айтышат, жашырбайм бизде интрига бар, бирок мындай нерсе бардык жакта бар деп ойлойм. Интрига ал тургай жалаң эркектер иштеген жерде да болот. Болгону биз эл көзүндө болгондуктан дароо билинип калат.

— "Ийгилик сырлары" деген автордук берүүңүзгө токтолсок. Мындай тематикада берүүлөр көп. Силердики эмнеси менен айырмаланат?

— Биздин негизги идея өсүп келе жаткан муунга стимул катары ийгиликке жеткен адамдарды, алардын жумушу, үй-бүлөсү жана жеке жашоосун ачып берүү. Берүүнүн башкалардан айырмачылыгы — белгилүү адамдардын жеке жашоосуна кайрылып, алар үй-бүлөдө кандай ата-эне экендигин көрсөтүү.

— Ийгиликке жеткен адам менен баарлашканда алардын ичинен таасирленткен каармандар көп болсо керек?

— Албетте, мен бул долбоордон көптү түшүнүп, сабак алдым. Берүүнү жасап жатып байлар да ыйлайт экен деген сөзгө ынандым. Адам болгондон кийин ал мейли бай болобу, кедей болобу, турмуш аны ар түрдүү калчайт. Бир жолу аттуу-баштуу эле адам чоң энесин сагынып, анын көп жакшылыктарды көрбөй кеткенин айтып кадимкидей ыйлаган. Биз бай, же депутат болсо эле алардын жашоосу шумдук деп ойлойбуз. Жок, канча көп акчаң, байлык, бийлигиң болсо, анын түмөн-түйшүгү ошончо толтура деген сөз чын экен. Ал эми эсимде калып, мени таасирленткен каарман, жаш ишкер 22 жаштагы Тилек Токтогазиев болгон. Ал эч кимдин колдоосу жок күнөскана ачып, ишкерлигин баштаган. Тыкан, тартиптүү, түрк, англис тилдерин чагып сүйлөп ишкерликтин көзүн билет экен. Үй-бүлө күткөн, мүнөзү абдан жөнөкөй бала мени таң калтырып, бизде да ушундай жаштар бар экенин көрүп сүйүнгөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Нуржан Ташполот кызы: мүнөзүмдөгү кемчилигим шашмамын, эмоционалдуу адамдардын катарын толуктайм. Адамдар менен жаңы эле тил табышканда өзүмдү толук ачып, "от души" сүйлөп алам. Бирок кийин бул нерсеге өкүнүп калган жайым бар
Диктор КТРК Нуржан Ташполот кызы - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуржан Ташполот кызы: мүнөзүмдөгү кемчилигим шашмамын, эмоционалдуу адамдардын катарын толуктайм. Адамдар менен жаңы эле тил табышканда өзүмдү толук ачып, "от души" сүйлөп алам. Бирок кийин бул нерсеге өкүнүп калган жайым бар

— Бул берүү канчага чейин уланат?

— Биз Кыргызстандагы менмен деген саясатчы, ырчы, ишкерлердин көбүн тарттык. Берүү учурда убактылуу жабылды. Уланаары же башка берүү чыгаары азыр белгисиз. Бирок КТРКдагы эң алдыңкы, эл көп көргөн долбоорлордун бири болду десем жаңылышпайм.

— Чет өлкөлөргө саякаттап жүргөн сүрөттөрүңүздү социалдык баракчага байма-бай жүктөп каласыз?..

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
— Өзүм саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Эки жыл мурда Щвейцарияда жашаган дос кызым чакырып, ал жакка бир айга виза алгам. Иштеп тапкан акчамды чогултуп, ал кезде атам бар болчу, ал да каржылап барып келдим. Ушунча келгенден кийин деп туруп тобокелге салып Европаны кыдырып кеттим. Тез жүрүүчү поезддерге түшүп алып Франция, Италияга, Венецияга бардым. Өкүнгөн жокмун. Акчаң болсо кийим, үй, оокат дебей дүйнө кыдырып, өзүңө жакшы маанай тартуулоого эмне жетсин.

— Европаны көрүп келгенден кийин кайра кетип калгыңыз келген жокпу?

— Жок, андай ой деле болгон жок. Бирок ал жактын шартын, тазалыгын көрүп көзүң ачылат, баары ойдогудай.

© Фото / предоставлено Нуржан Ташполот кызыДиктор Нуржан Ташполот кызы: өзүм саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Эки жыл мурда Щвейцарияда жашаган дос кызым чакырып, ал жакка бир айга виза алгам. Иштеп тапкан акчамды чогултуп, ал кезде атам бар болчу ал да каржылап барып келдим
Диктор КТРК Нуржан Ташполот кызы - Sputnik Кыргызстан
Диктор Нуржан Ташполот кызы: өзүм саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Эки жыл мурда Щвейцарияда жашаган дос кызым чакырып, ал жакка бир айга виза алгам. Иштеп тапкан акчамды чогултуп, ал кезде атам бар болчу ал да каржылап барып келдим

— Эгер алып баруучу, диктор болбосоңуз, ким болмок элеңиз?

— Журналист болбосом мода үйүн ачып, стилист болмокмун. Бирөөгө кеңеш айтып, бетке макияж жасаганды жакшы көрөм. Өзүм деле эч кандай стилисти жок эле кийинип, боёнуп алам. Буюрса, алдыда мода үйүн ачам деген ой-тилектерим бар.

— Каармандарыңызга өзүңүздө кандай кемчиликтерди байкайсыз деген суроону көп берет экенсиз. Бул суроону өзүңүзгө узатсам. Кайсы сапаттарыңызды кемчиликтерим деп көрөсүз?

— Мүнөзүмдөгү кемчилигим шашмамын, эмоционалдуу адамдардын катарын толуктайм. Адамдар менен жаңы эле тил табышканда өзүмдү толук ачып, "от души" сүйлөп алам. Бирок кийин бул нерсеге өкүнүп калган жайым бар. Жиним келсе да, сүйүнсөм да баары бетиме чыгып кетет.

— Качан турмушка чыгайын деп жатасыз?

— "Күйөөгө тийиш керек" деген сөз бар (күлүп). Учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Буюрган күн тургандыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0