00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзгөн: жер көчкүдөн жабыркагандарга жер тилкеси бөлүнүп берилүүдө

© Фото / Жумамидин СулайманкуловӨзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнүп берилген жерге учурунда коон, дарбыз өстүрүлгөн.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү иш чарасына катышты. Учурда турак-жайларын жер көчкү басып калган Курбу-Таш айыл аймагындагы 67 үй-бүлө үчүн атайын чатырлар тигилип, ар бирине 8 сотыхтан жер аянты бөлүнгөн. Азыр электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлүп, электр мамылар орнотулууда.

© Фото / Жумамидин СулайманкуловӨзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады.
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады.
© Фото / Жумамидин СулайманкуловӨкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү иш чарасына катышты.
Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү иш чарасына катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү иш чарасына катышты.
1/2
Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады.
2/2
Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасындагы жер бөлүштүрүү иш чарасына катышты.

Бөлүнүп берилген жерге учурунда коон, дарбыз өстүрүлгөн. Жер тилкелерин алган жарандар тез арада көчүп келип турак жай саларын айтышты. Алар өкмөт өкүлүнө коюлган талаптар убагында аткарылып суу, жарык алып келингени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ага кошумча учурда каттап жаткан жолду кеңейтүү жана оңдоо маселесин айтышты.

Жаман-Адыр участогунун башкы планында 250 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча, ФАП, мончо жана мечит сыяктуу курулуштардын орду көрсөтүлгөн.

Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымына 4-июнда саат 19:00дөр чамаларында көлөмү 10 000 куб метр жер көчкү түшүп, жолду бөгөп калган - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад — Казарман жолун жер көчкү бөгөп калды
Кызыл-Октябрь айыл аймагына тиешелүү жеринен 582, ал эми Кароол айыл аймагына караштуу жагынан 237 участок жер көчкүдөн жабыркаган жана көчкү коркунучунан улам көчүүгө милдеттүү болгон элге бөлүнүп берилет.

Ал эми Төрт-Көл айыл аймагына Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай, Ничке-Сай айылынын эли көчүп келет. Эртеңден тарта бул аймакта да жерлер бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагындагы 61 түтүн жашаган айылда сүрүлүп жаткан жер көчкү 10-майга чейин 45 турак жайды басып калган. Кырсык чалган айылдыктар чатырларга көчүп чыккан. Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0