Базар-Коргондо жетим балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПраздник "Солнечный круг" для детей психоневрологической больницы
Праздник Солнечный круг для детей психоневрологической больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен 25 балага акча таратылды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жетим калган 25 балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 25 балага эки миң сомдон акча таратылган.

"Райондун имамынын демилгеси демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашып, балдарга акчадан сырткары балмуздак таратылды", — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, тестиерлерге ыйман, гумандуулук жана туура жүрүү боюнча баян айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0