БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды.
Калаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган. Кол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган.
Ушуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды.
Лондондогу италиялык ресторандардын биринде менеджер болуп иштеген Беккул Чыныбеков терактыга күбө болом деп ойлогон эмес. Окуяны өз көзү менен көргөн адам катары ал азыркыга чейин коркуп жүргөнүн жашырган жок.
"Ойдо эч нерсе жок эле жок кечки саат 21:30дар чамасында шаардын борбордук бөлүгүндөгү кафеге тамактанууга барганбыз. Жарым саат өтпөй эле көчөдө кыйкырык-сүрөөн болуп, полиция кызматкерлери келип сыртка чыкпай туруубузду буйруп кетти. Ошентип 22:00дөн баштап түнкү саат 3-4кө чейин бизди эч ким сыртка чыгарган жок. Анан чекесинен сыртка чыксак, куралчан полиция кызматкерлери "сак болгула, кылмышкерлер колго түшө элек" деп айтышты. Элдин баары ызы-чуу болуп үйүбүзгө эптеп жеттик. Азыркыга чейин кайсыл учурда эмне болуп кетет деген кичине коркуу сезими бар", — деди Чыныбеков.
Мекендештин айтымында, болуп өткөн окуядан кийин шаар бийлиги Лондондо жашагандарга эл көп жүргөн жерге барбай турууга чакырган.
"Дүйнөдөгү эң бейпил, тынч шаар делген жерде мындай окуя болгон соң, албетте, биз да кооптонуп калдык. Досторубуз менен көпчүлүк жүргөн жерлерге азырынча барбай турууну чечтик", — деди Чыныбеков.
Лондон шаарында 2002-жылдан бери жашап келе жаткан "Kyrgyz Parcel" кыргыз-британ туристтик компаниянын жетекчиси Нурдин Жаналиев мындай терактылар дүйнөнүн бардык бурчунда болуп жаткандыктан мекендештерге таасири тийбей турганын билдирди.
"Жалпысынан алсак, бир гана Лондондо эмес, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда мындай жардыруу, терактылар болуп жатат. Кудай сактасын, бирок болуп өткөн окуя мекендештерге терс таасирин тийгизген жок. Иштеп жатабыз, баары жакшы",— деди Жаналиев.
Британиядагы университеттердин биринде билим алган кыргызстандык студент кыз Лондондун жашоочулары терактыдан кийин мусулмандарды сөөмөйү менен көрсөтүп, жаман мамиле деле кылбаганын айтат.
Британиянын борборунда жашаган Илья Салютин бул көрүнүш убактылуу экенин айтып, баары өз калыбына келет деген ишеничте. Мекендеш ошентсе да интернет айдыңында чукул кырдаалда өзүңдү кандай алып жүрүү керектиги тууралуу билдирүүлөр көп тарай баштаганын кошумчалап кетти.