БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Лондон шаарында адам өмүрүнө забын болгон терактыдан улам Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Телеграммада теракты тууралуу кабар өтө кооптонуу менен кабыл алынганы, Кыргызстан мындай кылмышты кескин сындай турганы айтылат.
"Өзүмдүн жана жалпы Кыргызстан элинин атынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат катта.
Эскерте кетсек, жети адамдын өмүрүн алган терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук уюму алды.
КР Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалымат боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.