КР бейпилдикти сүйгөн өлкө рейтингинде АКШ менен Кытайдан озду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан отпраздновал 24-ю годовщину обретения суверенитета.
Кыргызстан отпраздновал 24-ю годовщину обретения суверенитета. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө 163 мамлекеттеги абал эске алынган. Быйыл Кыргызстан өз көрсөткүчүн 13 тепкичке жакшырта алды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Лондондун экономика жана тынчтык институтунун чыгарган Global Peace Index рейтингинде Кыргызстан 111-орунга татыды.

Былтыркыга салыштырмалуу республика өзүнүн көрсөткүчтөрүн 13 тепкичке жакшыртып (124-орундан 111-орунга чыккан), АКШ (114-орун) менен Кытайды (116-орунду) артта калтырган.

Аэропортто котокторду тосуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ислам туризми боюнча рейтингде алдыңкы орунда турат
Аталган рейтинг 2007-жылдан бери жыл сайын чыгарылат. Аны түзүүдө өлкөдөгү экономикалык, саясий туруктуулук, адам укугунун корголушу, тынчтыкты орнотууга кошкон салымы, адам өлтүрүүнүн жана терроризм таасиринин деңгээли эске алынат. Быйыл изилдөөчүлөр 163 өлкөдөгү абалга көз салышкан.

Рейтингдин көч башында тогузунчу жолу катары менен Исландия турат. Андан кийинки орундарды Жаңы Зеландия, Португалия, Австрия жана Дания ээлеген. Ал эми эң кооптуу мамлекет деп Сирия, Ирак жана Афганистан табылды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң коопсуз деп Казакстан эсептелет. Ал 75-орундан 72-орунга жылып, өз көрсөткүчүн үч сапка жакшырта алган. Андан кийин Өзбектан (101-орун) болсо, Кыргызстан үчүнчү орунга татыган. Ал эми Тажикстан 118-орунду ээлесе, Түркмөнстан 122-орунду камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0