Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2016-жылы Кыргызстанда 49 миң жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган.
20 жаштагы Сейилди төрт жыл мурун ала качып кетишкен. 17 жашында эне болгон кыздын кайненеси экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүк ажырашууга алып келген. Чемоданды көтөрүп кете бергенде курсакта экинчи наристеси бар экенин билген эмес. Гинекологдун "алдырсаң, экинчи төрөбөй каласың" деген сөзүнөн улам көз жарган. Белди бекем бууп окуусун улантып жатканда экинчи ирет тоого ала качып кетишкен. Бирок Сейилге бул жолу да үй-бүлөлүк бакыт буюрбаптыр.
"Күйөөмдү жакшы көрбөйм. Баласын дары ичип түшүрүп салдым. Башка аргам жок эле. Ансыз деле эки баламды апам багат. Ачуусу келгенде кол көтөрүп, өз билгенин жасай бергендиктен качып кеткем. Азыр болгон күчүмдү жумшап окуумду улантышым керек" — дейт жаш келин.
"Данакер" деп аталган үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикованын айтымында, үй-бүлө курууда эки түгөйгө моралдык, материалдык жактан даярдык керек. Чыр-чатактын негизги себеби — экономикалык өксүк, моралдык, психологиялык келишпестиктер, өспүрүм куракта турмушка аттануу, ала качуу, миграция маселеси, аракечтик өңдүү көйгөйлөр. Адис түшүнүшүү, эң башкысы жылуу сезим үй-бүлөнү сактайт деп эсептейт.
"Эки адамдын бири-бирин түшүнбөстүгү, ойлогон ойлору, көздөгөн максаттары туура келбей калышы мамилени жабыркатат. Турмушка курууда эки жуп узак сапарга аттангандай даярданып чыгышы керек. Үй-бүлөнүн бузулушуна кыздар эрте турмуш курганы да себеп. Ойду токтото элек, турмуштук тажрыйбасы аз, ак-караны ажырата албаган курак болот. Эки кишинин ортосунда сүйүү мамилеси күч болсо кыйынчылыктарга туруштук берет. "Көнүп кетем", "жашап кетем" деген ой менен турмуш куруу жаңылыштык. Сүйүү — адамдын муктаждыгы. Акыркы убакта миграция маселеси үй-бүлө очогуна чекит коюуда. Үйлөнгөндөн кийин аялы менен күйөөсү чогуу жашашы керек. Бири бөтөн жерден аял алса, экинчиси башка бирөөгө тийип алып жатат. Ортодо балдарга кыйын. Ата-энеси тирүү туруп социалдык жетимге айланышууда", — деди Термечикова.
Үй-бүлөдө келин-кайнене мамилесинин да мааниси чоң. Айрым учурда ажырашууга да себепкер болот. Психологдун айтымында, коомдо кайненин образы терс каарман катары сыпатталып калган.
"Келин менен кайненин ортосундагы пикир келишпестик күнүмдүк оокат-кечеден келип чыгат. Кайнене өз талаптарын коет, келин көнгөнүн жасайт. Алдаса болот жаш башты дегендей, кайнене келинди өз кызындай, келин кайненесин өз апасындай кабыл алган туура. Айрым жаштар экономикалык себептер менен ата-энесинин колунда жашап калышат. Келин жолдошун сыйлап, туугандарына чын жүрөктөн мамиле жасаганды үйрөнүшү керек. Биз психологго кайрылуу маданиятын өстүрүшүбүз зарыл. Адам жалгыз көп нерсени чече албайт" — деген оюн айтты психолог.
Сегиз жылга жакын чогуу түтүн булатып, бирок балалуу боло албаган Шайыр акыры ажырашып жаны тынган. Эне болуу бактысынан куру калдым деп жүргөн келин экинчи ирет турмуш куруп, учурда алмончоктой эки баланын апасы. Ал эми мурдагы күйөөсү андан кийин эки-үч ирет төшөк жаңыртса да перзенттүү боло албаганын 37 жаштагы Шайыр өзү айтып берди.
Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаевдин пикиринде үй-бүлө ичинде көйгөйлүү маселелердин келип чыгышы күйөөнүн эркектик кубатынан да көз каранды. Эркек киши мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүп турушу зарыл. Эркектин тукум улай албашы, төшөктөгү алсыздыгы эки кишини эки жолго салчу чоң маселенин бири.
"Акыркы жылдары эркектер тукумсуздук маселеси менен көбүрөөк кайрылып жатышат. Ден-соолукка болгон кайдыгерликтен улам оңолбой турган катачылыктар кетип жатат. Көп оорулар инфекция аркылуу жугат. Учурда көпкө отуруп иштегендерде варикациялык оорулар көбөйдү", — деп түшүндүрүп берди уролог.
Ал эми гинеколог Гүлзина Мадраимованын айтымында, үй-бүлө ичинде келиндин кош бойлуу учурундагы физиологиялык өзгөрүүлөрүн, кайнененин жаш курагындагы өзгөчөлүктөрдү түшүнө билүү керек.
"Кыздар эрте турмуш курганда моралдык жактан да, дене бою жактан жактан да эне, жар болууга даяр эмес болот. Биринчи нике түн эмне экенин билбей баштан өткөрүп, күйөөсүнөн чочуп калгандар бар. Катуу стресс тукумсуздукка алып келет. Кош бойлуу учурунда ачууга алдырганын, маанайынын өзгөрмөлүү болушун үй-бүлөсү түшүнүү менен кабыл алышы керек. Кайненелер 50 жаштан кийин климакс мезгилин баштан өткөргөндүктөн сиркеси суу көтөрбөй калат. Түшүнүшүү эң маанилүү", — деди гинеколог.
Этнограф Октябрь Капалбаевдин пикиринде, улуттун миңдеген жылдар бою сакталып келишинде үй-бүлөнүн мааниси чоң. Илгери үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири өзүнүн укугун, милдетин мыкты билген. Байыртадан кыргызда күнүмдүк турмуштан келип чыккан институттар жакшы иштеген. Ажырашып, бала-чакасын кордоп коюу деген түшүнүк болгон эмес. Адис улуттун учугу уланып келишине кыз кишинин таасири чоң деп эсептейт.
"Кызды кыргыздай эч бир улут сыйлабайт. Кызына оор нерсе көтөртпөй, кара жумуш кылдырбай, төрдөн орун беришкен. Учурда мүмкүнчүлүк жетсе биринчи кыз баланы окутуш керек деген түшүнүк бар. Илгери текти оңдогон кыз болгон. Кыргызда "эр тайын тартат" деп айтып келген. Атанын касиети кызга оойт. Атасы жаман аста-аста оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт деген бар. Энелерибиз таза, асыл, бийик, сабырдуу, чыдамкай болсо мыкты үй-бүлө курат" — деди Капалбаев.
"Жаңы турмуш курганда кыз тарап кудалардын баш терисин байкайлы деп өзүнө жаккан адамды өкүл ата шайлаган. Өкүл ата дайыма калыс сөзүн айтып турган. Ажырашуунун себеби аз болгон. Анткени жаш бүлө ата-энелери менен кеминде бир жыл чогуу жашаган. Бул учура келин кайын журтун толук таанып, кимге кандай мамиле кылыш экендигин үйрөнгөн. Бир жылдан кийин ата-эне жер төшөгүн, эт төшөгүн кошуп туруп эки жашты бөлүп койгон", — деди этнограф.
Капалбаев үй-бүлөлүк чырга биринчи кезекте өкүл аталар, жеңелер, кошуналар кийлигишкенин айтып берди. Андан тышкары, кошуна-колоңдун тийгизген таасири чоң болгон. Себеби бүлөнүн урушун биринчи кезекте кошуналар билген. Бир үй-бүлөнүн ажырашып кеткен жаманаттысы бир урууга тийген.