19:37 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Коом
Кыскача шилтеме алуу
907782

Өлкө башчынын кызы аны сарамжалдуу болууга тарбиялаган апасынын эмгегин айтып өткөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына акча үнөмдөөнү апасынан үйрөнгөнүн жазып чыкты.

Өлкө башчынын кызы өз постуна жакында эле болуп өткөн окуяны баяндап берген. Анда индустардын дүкөнүнө кирген Алия чүпүрөктөн тигилген 950 сомдук сумканы жактырып, сатып алгысы келсе да олку-солку болгон ирмем чагылдырылган.

"Жолдошум көпчүлүк кыздар миң долларлык сумкаларды деле эч ойлонбой көтөрүп жүрүшкөнүн айтып калды. Чын эле деп ойлонуп туруп калдым. Көрсө, каражат үнөмдөө менин сараңдыгым эмес, апамдан алган тарбияма байланыштуу экен", — деди Шагиева.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын биринчи айымы азыр деле көз айнек тагынып, базар кыдырып кетмей жайы бар.

"Эсимде, кичине кезимде апам дүкөндөрдө 70 пайыз арзандатуу болгондо гана байкем экөөбүздү алып барчу. Калган күндөрү "Дордойго" барчубуз. Апам азыр деле элдин көңүлүн өзүнө бурбаш үчүн кара көз айнек тагынып алып базарга жөнөп кетет. Апам бизди жөнөкөйлүккө үйрөткөндүгү үчүн ыраазымын", — деди Шагиева.

Ал ошондой эле көчөдө жүргөн кезинде бейтааныш жигит аны сүрөткө тартып алып, иренжиткенин кошумчалаган. Алиянын айтымында, сүрөттөр бир нече күндөн кийин маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен.

Тема боюнча

Атамбаевдин кызы торолуп калган уулунун сүрөтүн жарыялады
Алия Шагиева уулун эмизип бараткан сүрөтүн жарыялап, сезимдерин жазды
Белгилер:
Алия Шагиева, биринчи айым, дүкөн, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ