16:48 30 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.8100
  • EUR89.6142
  • RUB1.0114
Коом
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

"Бишкексууканалы" ишканасы "Жал" кичирайонунда ичүүчү сунун өчүрүлөрүнө байланыштуу аны камдап алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектин "Жал" кичирайонунда 18-май күнү саат 9.00дөн тарта 18.00гө чейин суу токтотуларын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Шерой" ЖЧКсы жаңы курулган үйлөргө суу киргизүү мактасында суу түтүктөрүндө курулуш-монтаж иштерин аткарууда. Ошол себептүү "Жал" кичирайонунда, тагыраагы Ахунбаев — Курчатов — Миңжылкиев — Тыналиев көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу "Бишкексууканалы" ишканасы төмөндөгү мекемелерге таза сууну запастап алууну сунуштайт:

  • №72 мектеп гимназиясы
  • №185 балдар бакчасы
  • Кыргыз улуттук аскер лицейи
  • "Онтарио" тиричилик кызмат көрсөтүү борбору
  • №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалы
  • "Народный" дүкөнү

Тема боюнча

Оштун калк көп жашаган аймагына мектеп курула баштады
Белгилер:
курулуш, Суу, Бишкек мэриясы, Бишкек, "Жал" кичи району

ЭҢ МААНИЛҮҮ