Дональд Трамп Өзгөндөгү жер көчкүгө байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты

© REUTERS / MARK KAUZLARICHАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик суроту
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик суроту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ошондой эле Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Өзгөн районундагы Аюу айылында адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

"Америка элинин атынан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтам. Балдардын өмүрүн алган бул кырсыкка биз дагы кайгырып турабыз. Мындай оор кайгы башка түшүп турган учурда биз Кыргызстандын эли менен биргебиз", — деп айтылат АКШ президентинин телеграммасында.

Трамп ошондой эле Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, 24 кишини басып калган. Издөө иштери 4-майга чейин жүргүзүлүп, жалпысынан сегиз кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү органдардын жана каза болгондордун жакындарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0