15:43 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12301

Уюштуручуулар семинарга катышуу үчүн бүтүрүүчү класстардын окуучулары тандалып, бул жерде алардын окуудагы жетишкендиги жана англис тилин билүүсү эске алынгандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Бишкекте өткөн семинарда америкалык адистер кыргызстандык окуучуларды чет өлкөлүк окуу жайларга өтүүгө даярдаарын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Чет өлкөлүк ЖОЖдорго (жогорку окуу жайларга) байланыштуу практикалык семинарлары Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында 1-3-май күндөрү өтөт.

Кыргызстандын 50 окуучусуна АКШлык адистер кеңеш беришет. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы дүйнө өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары менен иштөө боюнча 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар Lafayette колледжинин директору  Южин Габай. Экинчи адис — АКШнын колледждерине окуу үчүн финансылык жардам алууга көмөк көрсөтүү боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар Жоан Люи.

Уюштуруучулар семинарга катышуу үчүн бүтүрүүчү класстардын окуучулары тандалып, бул жерде алардын окуудагы жетишкендиги жана англис тилин билүүсү эске алынгандыгын билдиришти.

"Семинарда окуучулар эссе жазууну үйрөнүп, окуу жайды туура тандоо, билим алуу үчүн финансылык колдоо издөө боюнча кеңештер беришет", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары — "Kyrgyz Leaders Academy" коомдук фонду менен "Сорос-Кыргызстан" фонду.

Тема боюнча

КР окуучулары Астанада өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утушту
Бүтүрүү кечелеринин өтө турган күнү белгилүү болду
Белгилер:
адистер, кеңеш, билим, окуучулар, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ