Директор: балдарга кыйкырган тарбиячы комментарийлерди окуп алып ыйлап жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРепортаж о жизни в Южной Осетии
Репортаж о жизни в Южной Осетии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарбиячынын жардамчысы социалдык тармактардагы комментарийлерди окугандан кийин өз каалоосу менен арыз жазууну чечкен.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең менен тарбиячынын жардамчысы ыйлап келип, өз каалоосу менен арыз жазуу менен иштен бошонуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине №142 бала бакчанын директору Равшан Абдуллина билдирди.

Бала бакчадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бала бакчага барган наристелердин саны өстү
Кечээ социалдык тармакка шаардагы бала бакчанын кызматкери балдарга кыйкырып жаткан видеосу таркап кеткен. Видеону тартып алган күбө үйүнүн терезе тарабынан катуу чыккан үн укканын билдирген. Ал бакчанын тарбиячысы суу сураган баланы жулкулдатканын кошумчалаган

Директор мындай көрүнүшкө жол берилбеши керектигин белгилеп, буга чейин аял мындай жоруктарга барбаганын айтты.

"Ал арыз жазуу менен өзүнө туура келбеген чөйрөгө түшүп калганын билдирди. Социалдык тармактардагы комментарийлерди окугандан кийин кетүүнү туура көрүптүр. Учурда аябай кейип жатат. Ага азыр тийишпей эле койгон оң. Бул окуяга чейин ал өзүн жакшы тарабынан көрсөтүп келген", — деди директор.

Бала бакчанын жетекчилиги тарбиячы дизайнерлик кесип боюнча билим алып, бул жакка чөнтөк чыгымдарын табуу үчүн февраль айында ишке орношконун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0