Балдарга кыйкырган тарбиячы кызматтан алынышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБлаготворительная программа "Поезд надежды" во Владивостоке
Благотворительная программа Поезд надежды во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде болгон. Аял балдарга кыйкырып, айрымдарын жулкулдатып жатканын күбө видеого тартып алган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бакчадагы балдарга кыйкырган тарбиячынын жардамчысы кызматынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетектчиси Сауле Мейрманова билдирди. 

Окуя 27-апрелде шаардагы 8-кичи районундагы бакчанын короосунда болгон. Аял балдарга кыйкырып, айрымдарын жулкулдаткан.

Мейрманованын айтымында, тарбиячынын жардамчысы кызматтан четтетилип, учурда аны жумуштан кетирүү маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0