Аскер кызматкерлери үчүн салынган 27 батирдин ачкычы тапшырылды

© Фото / пресс-служба ГШ ВС КРБишкек шаарында Аскер кызматкерлери үчүн салынган 27 батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды
Бишкек шаарында Аскер кызматкерлери үчүн салынган 27 батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы салынган тогуз кабаттуу үйдө бир бөлмөлүү тогуз батир, эки бөлмөлүү 18 батир бар.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында Аскер кызматкерлери үчүн салынган 27 батирлүү үйдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак-жайды куруу президенттин "Аскер кызматчыларын турак-жай менен камсыздоо" программасынын алкагында ишке ашкан.

"Жаңы үйлөрдүн ачкычтарын КР президентинин аппарат башчысы Сапар Исаков, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиевдер тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Жаңы салынган тогуз кабаттуу үйдө бир бөлмөлүү тогуз, эки бөлмөлүү 18 батир бар. Жаңы курулуш өткөн жылдын августунда тапшырылган 81 батирлүү тогуз кабаттуу үйгө туташ салынган.

Жаңы үй комиссиянын чечими менен аскер кызматкеринин иш стажысын эсептөө, кызматтык милдеттеринин аткарылышын текшерүү жана социалдык адилеттүүлүктү сактоо принциптерин эске алып бөлүштүрүлгөн.

Андан сырткары, кийинки жылы курулушу аяктай турган 54 батирлүү тогуз кабаттуу үйдүн пайдубалын түптөөгө капсула салынган. Анда үч бөлмөлүү 18, эки бөлмөлүү 36 батир болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0